Депутаттар балык уулоочу синтетикалык торлорду алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

11-09-2019 15:49

Жогорку Кеӊеште балык уулоо жүрүмүн укуктук жактан жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин бири Жыргалбек Турускуловдун айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. “Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Ал көлдөр менен көлмөлөрдө өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда”, - дейт депутат.

Андан тышкары, мыйзам долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр да ачып көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Алсак, «балык уулоочу синтетикалык торлор», «электр менен кармоочу тутумдар» сындуу жаӊы түшүнүктөр сунушталууда.

Баяндамачы кийинчерээк синтетикалык торлор менен балык кармоого тыюу салган мыйзам долбооруна улай, “мыйзамсыз балыкчылардын” жоопкерчилигин караган дагы башка бир катар мыйзам долбоорлору сунуштала турганын билдирди. Ал өкмөт өкүлдөрүн бул багытта биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Депутат Сайдулла Нышанов, Мирлан Бакиров, Бактыюек Турусбеков баштаган бир топ депуттар мыйзам долбоору өлкөнүн экологиялык коопсуздугун сактоо үчүн өтө зарыл экенин, алтургай кечигип келип жатканын белгилешти. Мирлан Бакиров балык уулоонун динамит жардыруу сындуу коркунучтуу амалдары бар экенин эске салып, келерки окууга чейин мыйзам долбооруна ошолорду да камтуу зарылдыгын кошумчалады.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы