ЖАҢЫЛЫКТАР 11.09.19.

11-09-2019 08:33

Бүгүн, 11 – сентябрдагы парламент олтурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бектен Сыдыгалиев ант берет.  Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеңеш  “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да биринчи окууга чыгарылганы турат. “Автотранспорт каражаттарынын ээлерин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да биринчи окууда  талданмакчы.

Кечээ, 10 - сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы биргелешип 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү. Иш-чарага Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле тармактык адистер катышты.

                            СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Кыргызга таандык тилди билген амплитуда ээлери улуттун канына каныгып кылымдарга жашай берет. Аны сактап калуу ар бир кыргыз жарандарынын колунда. Технологиянын кылымында кыргыз тили тирикарак болуп, өз индивидуалдуулугун сактап калуу айдыңында алдыда болушу керек, - дейт КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов.

                           СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырды. Каныбек Исаков 2011 – жылдан бери карай ОшМУнун ректору. Жетекчилик кызматка келгени инновациялык бир топ жаңылыктарды тажрыйбалап, көз карандысыз аккредитациядан өтүп, өсүштөргө умтулуп келет, - дейт вице – премьер – министр А.Өмүрбекова. Талкууда депутат Алмазбек Токторов, - 120 миң киши иштеген татаал тармакка келип жаткан Каныбек Исаковго кайрылып, ОшМУнун ишин өрнөктүү жолго салып койгон жетекчилик аракетине ыраазы болуп, окуу жайдын бюджети 1,5 млрд. сомго жеткендигин белгиледи.

                         СНХ.А.ТОКТОРОВ

ОшМУда окуган студенттердин ар биринин кыймыл – аракети, окуудагы жетишкендиги он-лайн аркылуу ата – энелердин да, мугалимдердин да көз кырында турат. Бул тууралуу иштин ийгилигин белгилеген депутат Жанарбек Акаев, - “ОшМУга К.Исаков жетекчилик кылган жылдары 5 млн. долларлык инвестиция тартылды. Бул соңку 2 – 3 жылдагы жетишкендик. Ушундай жетекчинин республиканын Билим берүү тармагын жетектөөгө келиши үмүт жандырат”, - дейт.

                       СНХ.Ж.АКАЕВ

Ал эми депутат Аида Касымалиева талапкерди эйфориядан алыс болууга чакырды. Анткени, сазга баткан министрликтин ишин илгерилетип кетүүдө командалык жумуш керектелерин белгиледи.

                     СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Талапкер Каныбек Исаков, - “Мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатмайынча, окуу сапатын арттыра албайбыз. Ошондуктан, мугалимдерге ишеним жаратып, билим берүү тармагына позитив беришибиз керек. Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон арылып, агартуу тармагын реаблитациялайбыз”, - дейт. 

                    СНХ.К.ИСАКОВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 - сентябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 17…22; Талас, Ысык – Көл: 15…20; Ош, Жалал – Абад, Баткен: 19…24; Нарын: 14…19 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11 - сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу болот.