Кыргызстанга техникалык колдоо көрсөтүү боюнча келишимдин мөөнөтү 2019-жылга чейин узартылууда

10-09-2019 12:00

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЕАЭБге кошулуу жүрүмүнүн алкагында Кыргыз Республикасына техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу КР Өкмөтүнүн жана РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБдин тышкы чек арасынын кыргыз участкасындагы айрым өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана техникалык жабдуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылат. Техникалык көмөк көрсөтүү механизмине ылайык, кыргыз өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу боюнча бардык иш-чаралар (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) россиялык уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2017-жылдын аягында РФ Федералдык бажы кызматы (мындан ары- Россиянын ФБКсы) МБКны төмөнкүлөр жөнүндө маалымдаган:

- курулуш иштеринин графигине ылайык «Торугарт»  АӨПтү реконструкциялоо мөөнөтү -16 ай (жумуштун башталышы 22.08.2017). Көрсөтүлгөн мөөнөттөр 2018-жылга өтөт;

- «Достук» АӨПтү реконструкциялоо боюнча долбоорлоо иштерин баштоо мүмкүнчүлүгү жок, анткени бул АӨПкө жакын жашаган жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү жана жеке үй курулуштарын сатып алуу жол-жоболору аяктайт.

Ушуга байланыштуу Россиянын ФБКсы 2018-жылдын аягына чейин “Торугарт” жана “Достук” АӨПтө жумуштардын бардык түрлөрүн аяктоо мүмкүн эместигин белгилешип, 2019-жылдын аягына чейин иш-чаралардын мөөнөтүн жылдыруу жол-жобосун демилгелөө сунушталган. 

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы