VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин 7-сессиясынын ишин чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредиттөө аяктап жатканын эске салабыз

31-08-2019 17:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредиттөө боюнча комиссиясы VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин 7 - сессиясынын ишин чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредиттөөнү аяктоодо.

Аккредиттөөгө арыз Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисине түп нускасында берилет, ал жетекчинин кол тамгасы коюлган уюмдун расмий бланкасында жол-жоболоштурулат.

Аккредиттөө арызында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

Кайрадан аккредиттөө үчүн Басма сөз кызматына арыз менен кайрылып, мурда берилген аккредиттик карточкаларды электрондук чиби менен кошо өткөрүү керек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аккредиттөө жөнүндө эреже менен www.kenesh.kg сайтынан толук таанышууга болот.   

Документтерди кабыл алуу 2019 - жылдын 30 - августунда аяктайт. Маалымат үчүн: 0312 63-92-00.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы