Төртүнчү бөлүм


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

 

Биринчи глава

Жогорку Кеңеш

 

70-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

 

71-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.

3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.

 

72-берене.

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

 

73-берене.

 

1. Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда;

3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан иштөөгө жөндөмсүз деп таанылганда;

6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөөсүз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо;

8) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) депутат каза болгондо.

Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

4. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

Экинчи глава

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

 

74-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;

9) Мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштурат.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

75-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

 

76-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт; мында парламенттик оппозициянын өкүлдөрү бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттердин төрагалары болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.

3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

4. Мамлекеттик кызмат орундарына шайлоого, дайындоого жана бошотууга Жогорку Кеңештин макулдук берүүсү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт.

 

77-берене.

 

1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык жүргүзүлөт.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса укуктуу болот.

5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат жана токтомдор менен жол-жоболоштурулат.

 

78-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.

3. Президент Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткан күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор дайындалгандан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен шайлоолор өткөрүлүшү керек.

 

Үчүнчү глава

Мыйзам чыгаруу иши

    

79-берене.

 

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Жогорку Кеңештин депутатына;

3) Өкмөткө.

 

80-берене.

 

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араларды өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

 

81-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүн жиберилет.

2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат. Республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдар милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат.

3. Эгерде конституциялык мыйзам же мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш. Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган конституциялык мыйзамга же мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коет жана ал жарыяланууга тийиш.

 

82-берене.

 

Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.