2019-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

12-06-2019 16:41

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1, 2, 3- окууларда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.18деги № 667 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жапаров А.Ү., Турусбеков Б.С., Исаев Ж.Б., Бакчиев Дж.А., Тагаев Э.С., Карашев А.А., Жетигенов Б.Ж.);

- “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.06.18деги № 300 токтом).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.04.18деги № 213 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.12.18деги № 638 токтом).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы