2-июлда жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуу өтөт

02-07-2019 10:20

Депутаттык жумушчу тобу тармактык комитет менен бирдикте 2019-жылдын 2-июлунда саат 11.00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жер, Токой кодекстерине, «КР Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрүлөт.

Өлкөбүздүн айыл чарбасы жер жана агрардык реформа жасоо жылдарында чарба жүргүзүүнүн жана жекече-укуктук формада иш-аракет кылуунун  жаңы формаларын издөө жагында  татаал өткөөл мезгилди басып өттү. Жер жана агрардык реформа, айрыкча анын баштапкы этабы  тажрыйба, мыйзамдык база, нормативдик документтер болбогон шартта жүзөгө ашырылды.

Реформа шашылыш тартипте, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан жүргүзүлдү. Алдыңкы жана жылдар бою калыптанган үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары жоюлуп кеткен, мунун натыйжасында үрөнчүлүк тармагы жана асыл тукумдаштыруу иши түп тамырынан жок кылынды. Мурунку админстративдик-бөлүштүргүч органдар жана тейлөөчү айыл чарбалык уюмдар жоюлган, бирок ошол эле убакта агрардык сектордо экономиканын иштөөсүнүн азыркы рыноктук шарттарына туура келүүчү жаңы механгизмдер түзүлгөн жок. Реформа шашылыш тартипте, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан жүргүзүлдү. Алдыңкы жана жылдар бою калыптанган үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары жоюлуп кеткен, мунун натыйжасында үрөнчүлүк тармагы жана асыл тукумдаштыруу иши түп тамырынан жок кылынды. Мурунку админстративдик-бөлүштүргүч органдар жана тейлөөчү айыл чарбалык уюмдар жоюлган, бирок ошол эле убакта агрардык сектордо экономиканын иштөөсүнүн азыркы рыноктук шарттарына туура келүүчү жаңы механизмдер түзүлгөн жок.

Бүгүнкү күндө, жер жана агрардык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында   өлкөнүн айыл чарбасында майда товардык айыл чарбалык өндүрүш  калыптанды. КР Улуттук статистикалык комитетинин 2017-жылга маалыматтары боюнча республикада 420 миңден ашуун дыйкан (фермердик) чарба болгон, алар айыл чарбасындагы бардык  чарбакер субъекттердин 99,9%н түздү, аларда иштегендердин саны  540 миң адамды түздү. Мында чарбалардын басымдуу бөлүгүнүн (83,1%) жер үлүштөрүнүн өлчөмү 0,2 га, 15,3%ныкы – 2,8 га, 0,8%ныкы – 13,4 га, 4%ныкы – 68 га болгон. Биздин агрардык сектор иш-аракет кылуунун майда контурдук ыкмасына негизделген, анда прогрессивдүү технологиялар илимий негизделген түрдө киргизилбейт жана жерге которуштуруп себүү сакталбайт.

Натыйжада айыл чарбасынын азыркы абалы  азыркы замандын талаптарына жооп  бербейт, бул тармактын натыйжалуулугу төмөн жана рентабелдүүлүгү төмөн бойдон кала берүүдө, анда чечилиши талап кылынган проблемалар көп. Статистиканын маалыматы боюнча айыл чарбасындагы эмгек өндүрүмдүүлүгү кайра иштетүү өнөр жайындагыга караганда 3 эсеге, курулуш секторундагыга караганда 8 эсеге, соода-сатыктагыга караганда 6 эсеге төмөн.

Сунушталган мыйзам долбоору мыйзам долбоору жер пайдалануу, токой чарбасы, ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  укуктарын жана милдеттерин конкреттештирүү максатында демилгечилер тарабынан кароого киргизилип жатат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин веб-сайтына 2019-жылдын 20-майында жайгаштырылган. http://kenesh.kg/ru/article/show/5389/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-20-maya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-nekotorie-zakonodatelynie-akti-kirgizskoy-respubliki-zemelyniy-lesnoy-kodeksi-kirgizskoy-respubliki-zakoni-kirgizskoy-respubliki-o-vvedenii-v-deystvie-zemelynogo-kodeksa-kirgizskoy-respubliki-ob-upravlenii-zemlyami-selyskohozyaystvennogo-naznacheniya-o-pastbishtah-o-mestnom-samoupravlenii-o-veterinarii-o-karantine-rasteniy.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыш түйүнү: 63-88-30, факс 0312-63-87-81, электрондук дарек: atanbekovaa@mail.ru.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы