“Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда

10-06-2019 15:07

Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүн, 10 – июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.

Бул багытта маалымат берген тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, топтомо пенсиялардын рыногун өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорунда корпоративдик жана кесиптик пенсия түшүнүктөрү камтылган. Акционердик коомдор тибиндеги пенсиялык фонддор калыптанмакчы.

Талкууда депутат Алмазбек Токторов, - “Кардарлар салган каржат инвестицияланган учурда анын күйүп кетүү коркунучу болбойбу? Буга ким кепилдик берет?”- деген суроолорду тактады.

Депутат Тазабек Икрамов эл арасында туура түшүндүрүү иштери жүрүзүлүшү керектигин айтып, ошол эле маалда пенсиянын топтомо бөлүгүн жыйнап, бирок пенсия алуу курагына жетпей көзү өтүп кеткендердин каражаттары боюнча бир топ баш – аламандыктар бар экендигине токтолду.

Сунуш – пикирлердин жыйынтыгында тармактык комитет “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы