Санариптик көрсөтүүгө ийгиликтүү өтүүгө шарт түзүүгө багытталган мыйзам долбоору демилгеленди


Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) каралды. Долбоордун демилгечилери – Жогорку Кеңештин Депутаттары Иса Өмүркулов, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев.

Мыйзамдын бул долбоору санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоорунун максаты санариптик көрсөтүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн шарт түзүү, кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүчү жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруучу жаңы технологияларды эске алуу менен санариптик көрсөтүү рыногун өнүктүрүү  үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, Телекоммуникация тармагында узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет. “Электр жана почта байланыштары жөнүндө” жана “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”  Кыргыз республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында ишмердиктин жалпы чөйрөсүн жөнгө салган беренелер бар жана бул беренелерди ар кандай чечмелөө аталган мыйзамдардын иштебей жатканына алып келет.

Санариптик көрсөтүүгө өтүү менен абал бир кыйла татаалдашат. Ушуга байланыштуу “Электр жана почта байланыштары жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор бул мыйзамдардын аракет  кылуу чөйрөсүн так аныктоого багытталган, бул аталган тармактын өнүгүшүнө олуттуу мүмкүнчүлүк берип, ишмердиктин аталган чөйрөсүн жөнгө салууда жакшы таасир берет.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Нурланбек Макеев аталган мыйзам долбоору менен Өкмөт тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзам долбоорун 2-окууга бириктип алып чыгуу кортундусу чыгарылган Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечими менен тааныштырды.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы