Жеенчороев Мирлан Канатбекович

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-85-07

1980-жылы 10-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2002-жылы «юрист» адистиги боюнча Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында I категориядагы специалист, андан кийин алдыңкы специалист.
2003-жылы анык аскердик кызматка чакырылып, 2004 жылы Улуттук гвардиянын юридикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратында сектордун башкаруучусу, андан кийин бөлүм башчысынын орун басары.
2012-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңеште «Республика» партиясынын жетекчиси жана депутаты.
2015-жылдын октябрь айынан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты.

Кошумча маалымат:
2005-жылы «III класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси» наамы ыйгарылган.
2012-жылы «I класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси» наамы ыйгарылган.
Аскердик наам: Юстициянын улук лейтенанты.
Бишкек шаардык кенешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Улуттук гвардиянын, Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган. 

Үй-бүлөлүү, эки уул жана бир кыз.