ЖАҢЫЛЫКТАР 15.04.19.

15-04-2019 08:39

Бүгүн, 15 – апрелде Бюджет жана финансы боюнча комитет кезектеги жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун угат. Бул багыттагы баяндама менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тааныштырмакчы. 

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүнкү, 15 – апрелде өтө турган олтурумунда “Тышкы миграция жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Джаманкулов  менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Шаикова маалымат беришмекчи. Ошондой эле депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр да талкуу ордосуна коюлат. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч. Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулмакчы.

Орус жергесинде жүргөн мигранттар кокус паспортун жоготуп ала турган болушса, аймактык инспектордон маалымкат алуу талап кылынат. Ушунун ордуна элчиликке, консулдукка кайрылып, биометрикалык маалыматтарынын негизинде эле өздүк документтерин калыбына келтирип алышса жакшы болмок. Мындай пикирин депутат Өмүрбек Бакиров “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                              СНХ.Ө.БАКИРОВ  

Депутат Эльвира Сурабалдиева жарандарга ID- картын (паспортун) берүүдө бир катар жүйөөлөрүн келтирүү менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматы элге иштебей эле, эл бул мекемеге иштеп жатат деп сынга алды. 

                              СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Памирден көчүп келген мекендештерди турак-жай  менен камсыздоо зарылдыгын Өкмөткө жолдогон депутат Махабат Мавлянова болду.

                            СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Депутат Рыскелди Момбеков айына 800 миң сомдук киреше тапкан май куюучунун айлыгына Президент, Төрага, Өкмөт башчынын айлыктарын кошкондо да жетпестигин айтып, бир – эки эле кишинин айлыгын алып, бирок бүтүндөй бир жамааттын ишин аткарып жаткандай көрүнгөн көрүнүштөргө токтолду.

                             СНХ.Р.МОМБЕКОВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын областтарында жамгыр жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:20…25; Талас:19…24; Баткен, Ош, Жалал-Абад: 22…27; Ысык-Көл, Нарын: 17…22, бийик тоолуу райондордо 2…7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы: 23…25 градус жылуу болот.