ЖАҢЫЛЫКТАР 09.04.19.

09-04-2019 08:48

Бүгүн, 9 – апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет “Автомобиль транспорту жөнүндөгү» жана “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулайт. Ошондой эле “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулмакчы.

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында КР Саламаттык сактоо министрлигинин аткарып жаткан иштери менен планы “Өнүгүү-Прогрес” парламенттик фракциясынын жыйынында талкууланып, ошондой эле министрлик тарабынан алынган насыялар менен гранттардын сапрпталышы боюнча маалымат угулду. Анда баяндалгандай, бүгүнкү күндө дары-дармек боюнча улуттук базаны тартипке келтирүү жана алардын баасын жөнгө салуу маселеси курч бойдон кала берүүдө. Муну саламаттык сактоо министрлиги да моюнга алды.

                     СНХ. М.КАРАТАЕВ

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев өлкөнүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн калькуляциясы жоктугун, бизде сметалык мамиле менен иш жүргүзүлөрүн айтып, саламаттыкты сактоо тармагында күнүмдүк иштер менен эле эптеп алектенип, саясат жүргүзүү маселеси калып калгандыгын сынга алды.

                     СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Медициналык кызмат көрсөтүүдөн кошумча нарк салыгын алып салууну демилгелеген депутат Мирлан Бакиров, - жарандар жылдан жылга дарыны көп колдоно баштагандыгына кооптонуп, элдин саламаттыгын алдын алуу боюнча иштерге басым жасоого чакырып, ар бир 4 – кыргыз дарыга муктаж болуп калгандыгын белгиледи.

                    СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Абылкайыр Узакбаев борбор калаада бир эле дары ар башка жерде ар башка баада сатылып жаткандыгын теске салынбайбы? - деген маселени көтөрүп, айрымдар дарыны Россиядан алдырып калгандыгына токтолду.

                   СНХ.А.УЗАКБАЕВ

Депутат Тынчтык Шайназаров Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине Грузияда Европа жана Америкада сатылган дарылар гана сатылсын деп кабыл алынган ченемди Кыргызстанга колдонууну сунуш кылды.

                  СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Экологдор да коңгуроо каккандай,  дары каражаттарынын 80%га жакынында ГМО элементи болуп калышы мүмкүн, - дейт экологиялык эксперт Олег Викторов.

                  СНХ.О.ВИКТОРОВ

“Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчек аралык которуштурууну жөнгө салуу” багытында  ЕАЭБ өлкөлөрүндө химиялык заттардын, калдыктардын, ГМО, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жүгүртүлүшүн жөнгө салган курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар жана эл аралык макулдашуулардын тизмектери бири-биринен олуттуу айырмалангандыктан, бирликтин ичинде, ошондой эле анын чек арасын кесип өтүүдө жөнгө салуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгуу зарылчылыгы белгиленип, өкмөткө бир топ тапшырмалар берилди.

               СНХ.Э.БАЙБАКБАЕВ

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ    

Бүгүн, 9-апрелде Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: 20…25, Талас: 17…19, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 21…26, Ысык-Көл, Нарын: 14…19 градус болот. Бишкек шаарында бүгүн, 9 – апрелде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 23…25 градус жылуу болот.