ЖАҢЫЛЫКТАР 05.04.19.

05-04-2019 09:09

Бүгүн, 5-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңеши менен тармактык комитет биргелешип Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча “Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчек аралык которуштурууну жөнгө салуу” темасында парламенттик угууларды өткөрөт. Депутат Э. Байбакбаевдин төрагалыгы алдында уюштурулуп жаткан иш чараны “Парламент” радиосу саат 11.00дө түз алып уктурмакчы.

Экс - президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат. Бул максатта иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү Жогорку Кеңештин кечээки олтурумунда үчүнчү окууда каралды.

Кыргыз – тажик чек арасын тактоо дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Маселе курчуп кетпеси үчүн ЖККУга да кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу жабык эшиктер артында өткөн талкуунун жыйынтыгы менен депутат Айнуру Алтыбаева “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                       СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү парламенттин кечээки жыйынында биринчи окууда каралды. Демилгечи депутаттардын бири Акылбек Жапаровдун айтымында, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу максатында контракттык турак жай-сактык институтун түзүү сунушталууда.

                        СНХ.А.ЖАПАРОВ  

“Жумуш орундарын түзүү экономиканын негизги тирөөчү. Ошондуктан, Өкмөттүн бул багытты жакшыртуу боюнча саясаты, аны ишке ашыра турган программасы болушу керек”, - дейт депутат, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                        СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Кызыл-Омпол жергесинде казылып жаткан уран кенин жабуу талабын коюуда. Эми кочкорлуктар чыкканы турат. Комиссия кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок деген тыянак чыгарыптыр. Ушу кантип болсун, уран казылып жатса, анан кантип анын зыяны болбойт? Радиациянын фону жогорулабай койбойт да?! Кыскасы, калк арасында нааразычылыктар арбын экендигин депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                       СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда, Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында нөшөөрлүү жаан жаайт. Тоолуу райондордун жолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+13...+18, Талас:+12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 14…19, Ысык-Көл:+11...+16,  Нарын: 10…15 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – апрелде мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурларда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16+18 градус жылуу болот.