Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

"Бир Бол" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-91-94

1972-жылдын 24-сентябрында Ош областынын Ноокат районундагы Шанкол айылында туулган.

Жогорку билимдүү. М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика факультетин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

А.Сулайманов эмгек жолун 1989-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы “Ленинизм” колхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

1992-жылдан 1997-жылга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы “Шанкол” колхозунда жумушчу болуп эмгектенген.

1997-1999-жылдары “Монолит-Ош” ишканасынын филиалында инспектор болуп иштеген. Ал эми 1999-жылы “Алтын Темир” корпорациясынын директорунун орун басары кызмат ордуна дайындалган, 2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин “Темир” мамлекеттик ишканасынын Ош областы боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору болуп эмгектенген.

2001-2007-жылдары “Темир” мамлекеттик ишканасынын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору.

2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылыштагы депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты. 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, ал эми 2012-2013-жылдары “Республика” фракциясынын лидери.

2015-жылдын 4-октябрында “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган, “Бир Бол” фракциясынын лидери.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2009-ж.), КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (2010-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары (2010-ж.) менен сыйланган.Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.