Экспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда

14-03-2019 16:34

Жогорку Кеӊеште массалык кыйратуучу куралдарды жасоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун, транзитин көзөмөлдөө боюнча эл аралык келишимдерди ишке ашырууга багытталган "Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, "Экспорттук контроль жөнүндө" мыйзамга жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Экспорттук көзөмөл тутумунун маанилүү бөлүгү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

а) бир тараптан экспорттук контроль системасына тартылган мамлекеттик органдар жана экинчи тараптан тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ортосундагы  натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

б) экспорттук контролдун улуттук системасынын талаптарын Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрүнүн (ЕАЭБ, КМШ, ЕС) жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча союздаштардын (ЖККУ) мыкты тажрыйбалары жана эл аралык аракеттер менен шайкеш келтирүү.

Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда реэкспорт жок, транзит бар, ошондон улам бул мыйзам долбоору кабыл алынып каса, ал келечекте колдонулуп калышы мүмкүн. Ал эки максаттуу товарлардын ташылышын 6 мамлекеттик орган көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы