2020-жылы брахитерапия аппараты сатылып алынат

14-02-2019 15:15

Ишкерликтин өнүгүшү, экономикага салым кошуусу жакшы. Бирок, алардын өнүмдөрдү өөрчүтөбүз, - деп азыктарга колдонуп жаткан ашыкча химикаттары, экологиянын улам алсызданып бара жатышы сыяктуу бир топ факторлор онкологиялык илдетке кабылгандардын көрсөткүчүн улам жогорулатып жаткандыгын танып кете албайбыз. Бул абдан кооптуу, - дейт ЖК депутаты Айсулуу Мамашова бүгүн, 14 – февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

Эң өкүнүчтүүсү, рак оорусуна кабылгандар 3 – 4 – стадияда гана аныкталууда. Буга тиешелүү алдын ала дарт наамын тактап берүүчү жабдуулардын жоктугу себеп. Абалдан чыгуу үчүн бюджеттен каражат табуу аракеттери жасалды. Жыйынтыгында “Центеррра Голд Инк” компаниясынан түшкөн 7 млн. долларга жаңы жабдуулар алынганы турат. Ал Бишкек шаарына орнотула турган медициналык аппарат болуп саналмакчы, - дейт депутат. 

Кыргызстан эл аралык МАГАТЭ уюмуна мүчө. Бирок,  ага болгон салымдык каражаттар убагында эсептешилип турбагандыктан, онкологиялык жардам көрсөтүүгө зарыл болгон аппаратураларды алууда кыйла тоскоолдуктар жаралды , - деген эл өкүлү, -  2018 – жылга чейинки карыздар менен эсептешүүчү каржы булактары аныкталгандыгын билдирди. Эми ошондон кийин 2020 – жылы брахитерапия аппараты сатылып алынаары күтүлүп жатат. Ал жатын моюнчасындагы рактын өөрчүп кетүүсүнүн алдын алууга чоң жардамчы болот, - дейт А.Мамашова. 

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы