Эл өкүлдөрү «Каракол шаарында туризмди өнүктүрүү» аттуу коомдук угууга катышты

11-02-2019 17:31

Каракол шаарында өткөн туризмди өнүктүрүү боюнча коомдук угууга Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Бактыбек Турусбеков, Кенжебек Бокоев, Элвира Сурабалдиева, Алтынбек Жунус уулунун катышты.

Адегенде депутаттар Караколдогу лыжа базасында болуп анын учурдагы абалы менен таанышып чыгышты. Аталган базага бир нече юридикалык жактар ээлик кылат. Курулуп иштей баштаганына 10 жылга чамалаш убакыт болуп калган бул лыжа базасы улам барган сайын эскирип, жаңыланууну талап кыла баштаган. Эс алуучуларды тоонун башына ташып чыга турган илме жолдор заман шартына жооп бербей калган. Сервистик тейлөөнүн сапаттык деңгээли Россия, Европадагы лыжа базаларынан кыйла артта калган.

Коомдук угуунун жүрүшүндө негизги көңүл туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн сапаттык деңгээлин жогорулатуу болгону да бекеринен эмес. Депутат Максат Сабировдун пикрине караганда, Өкмөт биринчи кезекте, андан талап кылынган жол, чек ара, каттоодон өткөзүү, экопосттордун иштөө шарттарын өзгөртүү өңдүү иштерди ыкчам жасоосу шарт.

Депутат Кенжебек Бокоев туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, коррупциядан, бюрократиядан, криминалдык элементтерден коргоо жаатындагы аракеттерди күчөтүү керектигин ортого салды. Ал эми Бактыбек Турусбековдун айтканына караганда, жайкы туризмге эле басым жасабай, кышкы туризмге да артыкчылык берүүгө жаратылыш шарттарыбыз туура келет.

Жыйындын жүрүшүндө туризмдин экотуризм, экстремалдык туризм, окуялуу туризм, этнотуризм өңдүү багыттарына да көңүл буруу учур талабы экени айтылды. Коомдук угууга катышкан туристтик компаниялардын өкүлдөрү ишке кедерги болуп жаткан маселелерди айтып, бул боюнча чара көрүү жагын жергиликтүү бийликтен жана депутаттардан өтүнүч кылышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы