Жумгалда да жаңы мектептин курулушу башталды!


    Жогорку Кеңештин  СДПК фракциясынын депутаты А. Кулбараков Жумгал районуна жасаган иш сапарында алган райондо  өткөн «Ишкердик Жумгал – 2016» бизнес форумуна катышып, инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлердин ортосундагы эки тараптуу кызматташуулар менен таанышты.

    Андан соң эл өкүлү Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында болуп, 225 орундуу, өкмөттүн быйылкы 100 пилоттук долбоорунун алкагында курулушу башталган жаңы мектептин салтанатуу курулушуна катышып, пайдубалга капсула койду. Мектеп Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн берилген акчанын эсебинен курулуп, курулуштун сметалык баасы 55 млн. 509 миң сомду түзөт. Эл өкүлү анда сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин,  жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын  аймактарды өнүктүрүү, социалдык объекттерди куруу багытында кылып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Кыргызстан акырындап, бирок туруктуу өнүгүү жолунда бара жатканына токтолду. Ал белгилегендей, учурда социалдык, экономикалык багытта жетишкендиктер аз эмес. Бул мектептин курулуп жатканы да ошондой жетишкендиктердин бири экенин,  Жумгал районунда башка социалдык объектилер (маданият үйлөрү, бала бакчалар, спорт комплекстери) курулуп, ишке киргизилип жатканына токтолду.

 СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы