Төрага Д.Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары советтик-партиялык, коомдук ишмер К.Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

03-02-2019 11:59

Бүгүн, 3-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары жана Өкмөт жетекчилери көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан жалпы кыргыз элине жана маркумдун жакындарына көңүл айтып: “Корчубек атабыздын өмүр жолу баарыбыз үчүн үлгү. Себеби, ал кыргыз элине ак кызматын өтөп, мамлекетибиздин жаркын келечегинин пайдубалын курууга зор эмгек жумшады. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Сени тааныгандар жашап жатса – сен тирүүсүң” – деп айткандай, Корчубек атабызды тааныган, андан өрнөк алып, анын эмгегин аздектеген ар бир муун түбөлүк аны унутпайт”, – деди.

Белгилей кетсек, Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. 1946-жылы туулган жерине кайтып келип, бир катар райондордо жетекчилик кызматтарды иштеген.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Корчубек Акназаров 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына алып, эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу шайланып, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы