Марат Аманкулов башкы пландын жоктугун сынга алды


     Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында   КР Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан республиканын калктуу пункттарын жалпысынан шаар куруу документтери жана иштелип чыккан (жаңы) ченемдик-техникалык иш кагаздары (өзгөчө Бишкек, Ош шаарларын жана Ысык-Көл курорттук зонасын) менен камсыздоо тууралуу маалымат угулду. Маалымат менен эл өкүлдөрүн аталган агенттиктин жетекчиси Турдубек Мамбетов тааныштырды.

     Жыйындын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Марат Аманкулов агенттиктин жетекчилигин Бишкектеги башаламан курулуштар жана Бишкектин Башкы планы жоктугу үчүн  сынга алды.

    “Бишкек шаарынын Башкы планы 2006-жылы кабыл алынган. Бирок ошондон бери долбоордук деталдык пландоо документи кабыл алына элек. Сиздер маселени атайын чечпей создуктуруп келатасыңар деп ойлойм. 2013-жылы өкмөттүн токтомунда каржы бөлүү каралып, бирок ал дагы чечиле элек. Бишкек шаары боюнча силерде эч кандай  саясат жок. Курулуш тармагындагы саясат постфактум менен жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы саясатты курулушчулар менен бир ууч топ адамдар жүргүзүп жатат. А силер болсо курулгандан кийин барып мыйзамдаштырып жатасыңар. Ушундай көмүскө саясат ишке ашырылып келатат. Ал эми  Түштүк магистралына жарнамалык щиттерди илүүгө мораторий жарыяланган болсо, жарнамалык щиттер биринин артынан экинчиси илинүүдө. Алар кантип илинип калып атканы мага түшүнүксүз. Курулуш иштери мыйзам бузуулар, башаламандык тартипте жүрүүдө”, - деди комитеттин төрагасы.