Депутат Алмазбек Эргешов Аксы районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

11-01-2019 15:29

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов Аксы районундагы иш сапарынын алкагында, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө барып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Район акими, айыл өкмөт башчысы менен биргеликте Кызыл-Жардагы социалдык мекемелерди кыдырган депутат, алардын абалы менен таанышты. Алгач, айылдагы бейтапкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алып, анда иштеген кызматкерлердин сунуштарын укту. Андан соң, мектептерди кыдырып, окуучулар үчүн улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдугун жана жазуучу Баяс Туралдын Аксы аймагы тууралуу жазган китебин тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 8-11-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарууда. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы