Депутат Карамат Орозова: “Ооба, бул жерде мыйзам бузулуп жатат, бирок өкмөт элдин маселесин чечүүнүн кандайдыр бир мыйзамдуу жолун табышы керек”

09-01-2019 12:33

Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушууларда жергиликтүү тургундар түмөн-түркүн көйгөйлөрүн өз өкүлү аркылуу өкмөткө жеткирет. Анын сыӊары, депутат Карамат Орозова Баткенде жарандарды турак-жай менен камсыздоо, калкты жайгаштыруу маселеси өтө курч турганын, баткендиктер өз үлүш жерлерине үй салып жашоого аргасыз болушканын билдирди.

Баткен облусунун Аксай, Самаркандек, Ак-Татыр айылындарында жергиликтүү тургундар үлүш жерлерине там салып, 2-3 жылдан бери жашап жатат. Бирок мамлекеттик экотехинспекция үлүш жерге үй куруу мыйзамга каршы келерин белгилеп, ал тамдарды бузуу чечимин чыгарган. Ошондон бери үй ээлеринин санаасы тынчыбай, эл өкүлүнө маселени чечип берүүсүн өтүнүүдө. Бул маселе боюнча өкмөттүн берген жообу депутат Карамат Орозованы да ынандырбай турат. Анын айтуусунда, Баткенде болгону 2 сотудан үлүш жер тийген, элдин турак-жай курууга башка жери жок.

“Алар Россияда иштеп, акча чогултуп, араӊ дегенде үй курган. Эми аны экотехинспекциянын бузабыз деген чечими туура эмес. Ал үйлөрдө 2-3 жылдан бери жашап жатат. Башка жери жок болгондон улам курушкан да. Ооба, бул жерде мыйзам бузулуп жатат, бирок өкмөт элдин маселесин чечүүнүн кандайдыр бир мыйзамдуу жолун табышы керек”, - дейт ал.

Баткенде жер тар болуп жатса, Чаткалда экология бузулууда. Эл өкүлү Чаткал районундагы кен казууга байланыштуу ойлондура турган маселелер бар экенине токтолду. “Чаткалда 4 гана компаниянын лицензиясы бар экен. Калгандары бүт эле экологияны талкалап жатат деп айтууда. Бул жакка да өкмөт көңүл буруусу кажет”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин депутат айымдарынын форуму баардык облустарда жолугушууларды өткөргөн. Анда элеттик  аялдар көбүнесе мектеп, бала бакча, таза суу, зордук-зомбулук, миграция, жумуш орунун түзүү сыяктуу маселелерди көтөрүп келет. Эл өкүлдөрү болсо аны өкмөткө  жолдоп, бир топ көйгөйлөрдүн чечилишине жардам берген.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы