ЖАҢЫЛЫКТАР 24.12.18.

24-12-2018 08:26

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине арналган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференцияга  КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кыргыз парламентинин экс-спикерлери менен экс-депутаттары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты. Иш чаранын алкагында бир катар илимий баяндамалар жасалып, олуттуу пикирлер айтылды. Даректүү фильм көрсөтүлүп, хроникалык фотосүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Бүгүн, 24 – декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин  2017-жылдын 26-апрелиндеги  токтомуна өзгөртүү маселесин карайт. 

Ушул эле күнү «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөгү» мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин олтурумунда үчүнчү окууда каралат. «Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү” Жогорку Кенештин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы да комитет жыйынындагы негизги маселелердин бири.

Чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттары мамлекетибиздин социалдык өнүгүшүнө түздөн – түз салымдаш болуп жаткандыгын айткан депутат Тазабек Икрамов, - “Эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүдө консультациялык топторду түзүү керек”, - деп демилгеледи.

                         СНХ.Т.ИКРАМОВ

“Өлкөдөгү өспүрүмдөр 1 миллиондон ашуун. Алардын 30%ы окубаган балдар, - деп айтылат статистикалык маалыматтарда. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш”,- дейт депутат Карамат Орозова.

                        СНХ.К.ОРОЗОВА

Кыргыз медицинасында боорду алмаштыруу жагынан операция жасала элек, - десек болот. Ошондуктан, бул боюнча көйгөйү бар жарандардын колунан келгендери Индияга барып, трансплантациялык жардам алууга ыкташат. Себеби, ал жерде Түркияга, Европага салыштырмалуу бир топ арзан. Деги эле адам органдарын ооштурууда ата мекендик медицинага азырынча толук кандуу жол ачып бере турган мыйзам жок, - дейт Бишкек шаарындагы Эл аралык медициналык университеттин илимий иштер боюнча проректору Шайырбек Сулайманов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                       СНХ.Ш.СУЛАЙМАНОВ

Органдарды алмаштырууда хирургдардын 3 бригадасы иштейт. Бул өтө жооптуу иш. Кыргызстандын тарыхында бир жыл мурда боорду алмаштырган жападан жалгыз бир операция жасалган. Бөйрөктүн трансплантациясы боюнча аракеттер көрүлүп жатат, - дейт ошол эле уктурууга чакырылган онкологиялык дарттарга каршы күрөшүүдө бай тажрыйбасы бар хирург, медицина илимдеринин кандидаты Эльдар Байбулатов.

                      СНХ.Э.БАЙБУЛАТОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык - Көл: -3…+2 градуска чейин жылыйт.Баткен, Ош, Жалал-Абад: +2…+7 гралус жылуу болот. Нарын:8…-13 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24 – декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -1…+1 градус жылуу болот.