Депутат Рыскелди Момбеков: «ИИМ иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт экен. Эмне, биздин балдар ошол итчелик жокпу?»

06-12-2018 10:52

Ордо калаада узак тарых-таржымалга ээ №5 мектеп-гимназия бар. Анда жатып окугандар балдардын тамагына күнүнө 60 сом бөлөт экен. Ошо кантип болсун, биздин келечегибиз деген таланттуу балдарга карата кам көргөнүбүз ушубу, Өкмөт эмне кылып отурат? Мисалы, түрмөдө жаткан немелерге күнүнө 85 сом бөлүнөт, ал эми Ички иштер министрлигинин иттерине 120 сом бөлүнөт. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ички иштер министрлигинин иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт экен. Эмне, биздин курсагы тойбогон балдар ошол итчелик жокпу? Балдарга кам көргөнүбүз ушубу? Демек, ал балдардын мектеп-гимназиясы эмес эле, балдардын колониясы болуп калып атпайбы? Урматтуу Өкмөттүн өкүлү, айта барыӊыз, бул маселени тезинен чечиш керек. Бул – ийгилик эмес, итчилик!», - деп кошумчалады депутат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы