Депутат Мирлан Бакиров: «Парламентке карата ар кандай сындар айтылат экен, бирок андай сындардын ар биринин артында кандайдыр бир жүйөсү болуш керек да»

06-12-2018 10:29

Быйыл кыргыз парламентинин түзүлгөнүнө 80 жыл толду. Ал мына ушул мезгил аралыгында жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн өз милдетин аткарып келди. Акыркы мезгилде парламентке шайланбай калган айрым бир саясатчылар тарабынан кыргыз парламентинин дарегине жүйөсүз сын пикирлер айтылууда. Эми, эл аралык тажырыйба көрсөткөндөй, парламенттин табияты ошодой, ага карата ар кандай сындар айтылат экен, бирок андай сындардын ар биринин артында кандайдыр бир жүйөсү болуш керек да. Ансыз ал эч нерсеге арзыбайт. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жогорку Кеӊештин азыркы чакырылышын эле алалычы, биз жаӊы Конституциянын талаптарына ылайык жаӊыча усулдар аркылуу шайланып келип, өз милдетибизди аткарып жатабыз. Эгерде кимдир бирөөнүн кайсы бир депутатка карата каршылыгы болсо, анда ал ачыгын айтсын, өзү менен чечишип алсын. Бирок, жалпы парламенттин дарегине акараат келтиргенди токтотуп, тизгинди бир аз тартыш керек», - деди депутат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы