2017-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитети 3 аркандай маселени жана 2 мыйзам долбоору жактырды.

03-02-2017 16:29

2017-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитети 3 аркандай маселени жана 2 мыйзам долбоору жактырды.


1. Кыргыз Республикасынын паспортторун мыйзамсыз берүү, окшотуп жасоо жана пайдалануу маселеси боюнча Өкмөтүнүн маалыматы.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматынынын торагасы Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2016-жылдын 22 сентябрындагы П № 88-VI протоколдук тапшырмасын жана «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» 2013-жылдын 29-майындагы № 82 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу”. (2016 ж. 13 декабрындагы Комитетинин уландысы).
Баяндамачылар: КРнын Вице – премьер- министри - Разаков Жениш Парпиевич 
- Абдыкаров Д.– КРнын Ички иштер министринин орун басары
3. Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы «Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүк кылуусун сактоону отчеттуулукка жана ачыктыкка өзгөчө басым жасоо коюу менен илгерилетүү» финансылык макулдашуунун Байкоочу комитетинин курамына Комитеттин өкүлүн сунуштоо жөнүндөгү КРнын Жогорку Кенешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин Чечими.
4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, “Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоору (6-504/17 , 10.01.2017ж.). биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар Д.Бекешев, А.Алтыбаева, И.Карамушкина.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнундө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу. 
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри Ахметов У. Т.