«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынынын КҮН ТАРТИБИ


«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

Өткөрүлүүчү күнү:     2016-жылдын 1-апрели

Өткөрүлүүчү убагы:   1000

Өткөрүлүүчү орду:     жыйындар залы (325-кабинет, 3-кабат, ЖК)

 

МАСЕЛЕЛЕР:

 

1. Бишкек шаарын көрктөндүрүү маселелери жана борборду динамикалуу өнүктүрүүнүн заманбап принциптери тууралу

Баяндамачылар:

Исаков Э.К. – Бишкек шаарынын вице-мэри

Дюшембиев Б.О. – Бишкек шаарынын вице-мэри

Маселени даярдайт:

Исаков Н.С.“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары

 

2. «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча «Ата Мекен» фракциясынын 2016-жылдын 22-январындагы чечиминин аткарылышынын жүрүшү тууралу

Баяндамачылар:

Милицкий Г.А. – Бишкек шаарынын вице-мэри

Орозолиев А.К. – Ички иштер министринин орун басары

Маселени даярдайт:

Исаков Н.С.“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары

 

3. «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу

Баяндамачы:

Малабаев А.Дж. – транспорт жана коммуникациялар министри

Маселени даярдайт:

Исаков Н.С.“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары

 

4. Баткен облусунда жайгашкан «Хаваст – Фергана» магистралдык газ түтүктөрүн облустук суу чарба жана мелиорация башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын 2016-жылдын 22-январындагы чечиминин КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан аткарылышынын жүрүшү тууралу

Баяндамачылар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти;

Маселени даярдайт:

Оморов Ж.А.“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын эксперти

 

5. Ар түрдүү