Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

1973-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине караштуу Магистратура жана аспирантура борборунда "Юриспруденция" тармагында магистр акедемиялык даражасына ээ болгон.

Эмгек жолун 1996-жылы «Эридан» ӨФК АКсында иштөө менен баштаган.

2000-2003-жылдары «Урмат-Интер» ЖЧКсынын директору, 2005-2008-жылдары «Тур-Трест» ЖЧКсынын директору болуп иштеген.

2009-жылдын июль айынан  2010-жылдын апрель айына чейин Аламүдүн районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын юристи болуп иштеп, 2010-жылдын апрелинде Бишкек башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган.

2010-жылдын октябрында «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2011-жылы депутаттык мандатын тапшырып, Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу, 2013-жылдын сентябрында Свердлов районунун администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2015-жылдын апрелинде Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси, андан соң Бишкек шаарынын вице-мэри кызмат ордуна дайындалган.

2015-жылдын октябрында «Республика-Ата Журт» саясый партиясынын тизмеси боюнча 6-чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.