Депутат Садык-Шер-Нияз: “Биргелешип кино өндүрүүнүн аркасында түрк тилдүү мамлекеттердин тарых-таржымалы, маданияты жайылтылат”

14-09-2018 17:17

Бүгүн, 14-сентябрда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-отуруму өттү.

ТүркПАнын тармактык комиссиясынын 6-отурумунда “Кино менен анимация түрк тилдүү өлкөлөрдө түрк маданий мурастарынын бөлүгү катары (көргөзүү, жайылтуу аспектилери)” деген темада талкуу жүрдү.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Садык Шер-Нияз Комиссиянын 6-отурумун ачып жатып ТүркПА уюму дагы кино менен анимация маанилүү ролдордун бирин ойногон маалыматтык айдыӊдын бүтүндүгү тууралуу маселеге өзгөчө маани берерин баса белгиледи. “Кино түрк тилдүү элдердин бир гана менталитетин, маданияты менен салт-санаасын чагылдырбайт, ал адамга эрте жашынан эле алгач мультфильмдер аркылуу, кийин фильмдер аркылуу таасир этет. Андыктан, биз кино менен анимация түрк тилдүү өлкөлөрдүн келечек мууну үчүн кандайдыр бир деӊгээлде жоопкерчиликтүү деп айта алабыз. Маданияттын түркүгү тил. Биз тектеш тилдүү элдерденбиз” деген комиссия төрагасы Садык Шер-Нияз түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино жана анимацияларын жайылтуу маселесин мыйзамдаштырууну сунуштайм”,- дейт. Ал биргелешип кино, мультфильм өндүрүүнүн аркасында түрк тилдүү мамлекеттердин тарых-таржымалын, маданияты менен салт-санаасын жайылтып, чечмелеп берүү абдан ыӊгайлуу болорун кошумчалады.

Аталган комиссиянын 6-отурумунун жыйынтыгында “Кино жана анимация түрк тилдүү өлкөлөрдө түрк маданий мурастарынын бөлүгү катары (көргөзүү, жайылтуу аспектилери)” деген темадагы баяндама жана бул маселе боюнча сунуштамалар жактырылып, ТүркПАнын пленардык жыйынына сунуштоо чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы