Депутат О.Алыбаев Кайыңды шаарындагы бала бакчанын ачылышына катышты

14-09-2018 15:25

«Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Орозбек Алыбаев 13-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды  шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, андан соң бала бакчанын ачылышына катышты.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир катар маселелерди эл өкүлүнүн астына коюшту. Алар районду социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү, бала бакчалар менен мектептерди, жолдорду куруу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана башка бир катар маселелерди тизмектешти. Эл өкүлү шайлоочулардын айткан көйгөйлөрүн чечүүдө тиешелүү аткаруу органдары менен иш алпара тургандыгын билдирди.

Жолугушуудан кийин депутат бала бакчанын жаңы имараты менен таанышып чыгып, мектепке чейинки билим берүү келечектин пайдубалын түзөөрүн баса белгиледи. Ошону менен катар эл өкүлү бала бакчага телевизор белек кылды.

“Кыргызстан” фракциясынын катчылыгы