Жогорку Кеңештин ЕККУ ПАдагы делегация башчысынын орун басары Иса Өмүркулов Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджев менен жолугушту


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ЕККУ Парламенттик ассамблеясындагы делегация башчысынын орун басары, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүн, 14-июнда Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз-азербайжан парламенттер аралык кызматташтыгы, анын ичинде ЕККУ Парламенттик ассамблеясындагы Кыргызстан менен Азербайжан делегацияларынын, ошондой эле биргелешкен сапарларды уюштуруу аркылуу эки жактуу кызматташуу боюнча эки өлкөнүн депутаттык топторунун ортосундагы кызматташтыгы талкууланды.

ЕККУ ПАдагы улуттук делегациялардын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү алкагында азер ээчиси ЕККУ ПАдагы азербайжан делегациясынын мүчөсү Азай Зулиевдин талапкерлигин ЕККУ ПА Төрагасынын орун басары кызматына көрсөтүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымдап, үстүбүздөгү жылдын 1-5-июль күндөрүндө Тбилиси (Грузия) шаарында өтө турган ЕККУ Ассамблеясынын ар жылкы сессиясында КР Жогорку Кеңешинин делегациясы анын талапкерлигин колдойт деп үмүт артаарын билдирди.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ардактуу мейманды жылуу кабылдап, эки жактуу кызматташууну мындан ары дагы өркүндөтүүдө кыргыз парламентинин Азербайжан дипломатиялык корпусу менен мамилелерин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ортосунда социалдык-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, ар түрдүү тармактардагы биргелешкен программаларды жүзөгө ашыруу тууралуу маселелер келишилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы