Жогорку Кеӊештин делегациясы Кытайда Борбордук Азия парламентчилери үчүн өткөрүлгөн иш-чарага катышууда

06-07-2018 16:16

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улан Примов баштаган парламенттик делегация 3-12-июль аралыгында Кытайда «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн депутаттары үчүн өткөрүлгөн семинар – 2018» иш-чарасына катышууда. Семинардын демилгечиси – Бүткүл кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитети.

Бул иш-чарага Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү катышып жатат. Семинардын ачылуу аземинде Бүткүл кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы А.Эмирбахай өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди чыӊдоо өтө маанилүү маселелердин бири болуп санала турганын баса белгиледи.

Ал эми кыргыз парламенттик делегациясынын башчысы Улан Примов акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери жандануу менен бирге, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы парламенттер аралык байланыш да бекемделип баратканын билдирди. Анын айтымында, мамлекеттер аралык кызматташтык мамилелердин чыӊдалышында мыйзам чыгаруу органдарынын өз орду бар. «Анын ичинде бул семинар да өз ара пикир алышууларга өбөлгө түзөрү бышык», - деди ал.

Иш-чара алкагында тышкы саясат, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өз ара байланышы, парламенттер аралык мамилелерди бекемдөө сындуу маанилүү маселелер талкууланат. Андан тышкары, семинардын катышуучулары бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы