Жогорку Кеңеш 12-сентябрга чейин ишин токтоткон жок

02-09-2016 09:42

Айрым бир жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2016-жылдын 12-сентябрына чейин танапис жарыяланды деген сындуу маалыматтар чындыкка коошпойт.

Календарлык планга ылайык, 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрөт. Ошондой эле фракция жыйындары дагы өтмөкчү.

Бир катар депутаттардын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйындары гана убактылуу токтотулат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы