Иса Омуркулов менен Азербайжандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты


     СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов бүгүн, 14-июнда Азербайжандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолугушту.

    Жолугушууда  Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүү үчүн  кыргыз-азербайжан парламенттер аралык кызматташуу маселелери  талкууга алынды.  

    Фракция лидери өз сөзүндө кыргыз парламентинин Азербайжандын дипломатиялык корпусу менен мамилени активдештирүүсү  өтө маанилүү экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташууну жаңы баскычка чыгарууга кыргыз тарап кызыкдар экендигин айтты.

    Ошондой эле Иса Омуркулов Азербайжандагы мамлекеттик башкаруу системасынын калыптанып, өнүгүүсүнө кызыкты.

    Азербайжан элчиси өз өлкөсүнүн башкаруу системасынын өзгөчөлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, башында фракция лидери турган СДПК фракциясынын делегациясын Азербайжанга парламентаризм жаатында тажрыйба алмашып келүүгө чакырды.

    Жолугушуунун соңунда тараптар ортосунда  социалдык-гуманитардык жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында биргелешкен  программаларды ишке ашыруу багытында  макулдашуулар болду.