"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамы жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өтөт

01-06-2018 11:44

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 1-июнь күнү саат 10:00дө парламенттеги чоң жыйындар залында  “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Төмөндөгү телефон номурлары аркылуу байланышып  иш-чара тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот: 638953, 638830

http://kenesh.kg/ru/draftlaw/400679/show 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы