Премьер-министр Сапар Исаков: «2017-жылдын жыйынтыгында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды»

13-04-2018 15:45

Өкмөттүн калк алдындагы башкы милдети алардын жашоо турмушун жакшыртуу болуп саналат. Өткөн жылы өлкө экономикасынын баардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, жалпысынан 135 млрд сом көлөмүндө киреше алынды. Ошентип, макроэкономикалык өсүш 4,6 пайызды түздү Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду түздү. «Тышкы соода жүгүртүү 12,5 пайызга өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27 пайызга, башка өлкөлөргө 8,6 пайызга көбөйдү», - деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтигде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкөнүн экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган. «Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды. Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,7 млрд сом көлөмүндө 2440 жеӊилдетилген насыя берилди», - деди Премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар тарабынан өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдар мекеемелердин жетекчилеринин дарегине бир топ сын пикирлер айтылуу менен бирге, аткаруу бийлигинин ишин жакшыртуу жаатында бир катар алгылыктуу сунуштамалар берилди. Андан сырткары, эл өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган айрым суроолорго жооп алышты.

Жыйынтыгында «Кыргызстан» парламенттик фракциясы Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы