Санариптик берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн депутаттар укуктук базаны түзүүнү сунуш кылышты


     Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында СДПК фракциясынын депутаттары Иса Омуркулов, Дастан Бекешев ж.б. депутаттар «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «КРдагы лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндө», «Телевидение  жана радио берүү жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү демилгелешти.

    Мыйзам долбоорунун авторлору билдиргендей, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы көптөгөн мыйзамдар эскирди. Мисалы, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамы 1998-жылы кабыл алынган. 20 жылдын ичинде телекоммуникация жаатында көптөгөн өзгөрүүлөр болду, МКТ рыногунда жаңы сегменттер пайда болду, анын ичинде санариптик берүүнү айтса болот. Ошол себептен бир катар жаңы терминдерди киргизип, аракеттеги терминдерди тактап, санариптик берүүгө өтүү менен  жаңы мамилелерди жөнгө салуу зарылдыгы пайда болууда.

    Мыйзам долбоорунун максаты – санариптик берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү, ошондой эле телекоммуникация тармагындагы узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү болуп саналат.

    Радиожыштык менеджментинин  так тартиби сунуш кылынып, жыштыктарды бөлүү жана кайра бөлүү, бул тармактагы көзөмөлдөөчү функцияны тактоо, радиожыштыктар  спектрин аукцион же конкурстун негизинде колдонууга лицензияларды берүү  каралууда.

     Жыйындын аягында мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды.