Р. Момбеков: «ГазПром» долбоору менен бүткөрүлгөн спорттук комплекстерди кармоого бюджеттен акча каралышы керек


     Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча Комитетинин мүчөлөрү 13-июндагы жыйында Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 25-февралдагы протоколдук тапшырмасы боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.

    Жыйында сөз 2017-жылы Кыргызстанда өтүүчү Азия оюндарына спорттук объектилерди куруу жөнүндө болду.

    Өкмөттүн маалыматын угууда СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жыйындын катышуучуларынын  көңүлүн  «ГазПром» ишканасы тарабынан курулган социалдык объекттерди техникалык жактан камсыздоо үчүн бюджеттен каржы бөлүү зарылдыгына бурду.

    «Мисалы, биз кечээ жакында эле Таласта болдук, ал жакта «ГазПром» ишканасы 17 спорттук комплексти курган. Бирок, сметалык баасы 259 млн. сомду түзгөн жаңы комплекстер жакшы каралбагандыктан, эмитен эле бузула баштаптыр. Имараттын чатырынан жамгыр өтүүдө, директору  болсо чарба башчысы менен пол жуугучтун функциясын аткарып жүрөт. Республикалык бюджеттен комплексти кармоого акча бөлүнүшү керек», - деди эл өкүлү.

    Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков бул маселеге токтолуп, подряддык ишкана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, кемчиликтер жоюлгандыгын маалымдады.

    «Биз штаттагы 52 адамдын эмгек маянасы үчүн бюджеттен акча карар берүүнү  сурайбыз. Бул үчүн жылына 3,5 млн. сумма керек. Комплексти кармоо боюнча калган чыгашаларды биз өзүбүзгө алабыз», - деди шаар башчысы.

    Каржы министрлигинин өкүлү 2016-жылдагы бюджеттин маяна боюнча чыгашалар бөлүгүндө спорттук комплекстин кызматкерлеринин айлыгы үчүн каржы каралбаганын айтты.