Алимбеков Нурбек Каарыевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

1975-жылдын 13-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинин «инженер-технолог» адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылы «Алимбеков» биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

2008-2010-жылдары «Папан Курулуш» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору болуп эмгектенген.

2008-2010-жылдары  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси.

2010-жылы «Республика» саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланды.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы