КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Курал жөнүндө"

08-12-2016 14:23

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1999-жылдын 9-июну N 49
Курал жөнүндө
(КР 2001-жылдын 4-августундагы N 81, 2002-жылдын 20-мартындагы N 41, 2002-жылдын 27-июнундагы N 112, 2003-жылдын 18-февралындагы N 41, 2003-жылдын 6-мартындагы N 52, 2009-жылдын 16-ноябрындагы N 298, 2010-жылдын 19-февралындагы N 32, 2011-жылдын 10-ноябрындагы N 205, 2012-жылдын 11-октябрындагы N 171, 2013-жылдын 30-июлундагы N 171, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2015-жылдын 28-апрелиндеги N 89, 2016-жылдын 18-апрелиндеги N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык, кызматтык, ошондой эле кол менен атылуучу жана атылбас аскердик куралды сатууда пайда болуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Ушул Мыйзамдын жоболору куралдык ок-дарылардын сатылышына да жайылтылат.
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда кол салууга болбосо активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн иштиктүү колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар курал деп түшүнүлөт.
Ок атуучу курал - ичине дары же жарылуучу дагы башка заттарды салгандагы газдын жарылышынан улам атылып чыгуучу учуучу элементтин белгилүү аралыктан бутага дал тийиши үчүн иштиктүү колдонулуучу курал.
Атылбоочу курал - адамдын каруу күчүн колдонуп, адамдын билек күчү менен же кыймылга келүүчү түзүлүштөрдүн иштешинен улам мерчемдүү жерден бир багытка учуп, бутаны кыйратуу үчүн колдонулуучу курал.
Пневматикалык курал - кысылган газ түрүндөгү зат чыгаруучу энергиянын эсебинен бир багытка кыймылга келип, мээленген бутаны кыйрата турган курал.
Газ куралы - жаш агызуучу жана кычыштыруучу заттарды колдонуу менен бутаны кыйратуу үчүн жасалган курал. Колдонууга уруксат берилген кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Ок атуучу жана газ куралына керектелчү ок-дарылар - учуучу элементтик бутанын түздөн-түз кыйрашына жана тиешелүү куралдын түрүнүн атылышына иштиктүү ылайыкталган бир жолу колдонулуучу заттар.
Курал соодасы - бул курал чыгаруу, сатуу, бирөөгө берүү, сатып алуу, оңдоо, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, алып коюу жана жок кылуу, экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына куралдын бирден нускаларын алып кирүү.
Курал чыгаруу - бул куралды жасап чыгаруу жана оңдоо, ошондой эле ок-дарыны жана алардын курамдык бөлүктөрүн жасап чыгаруу.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112, 2010-жылдын 19-февралындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Куралдын түрлөрү
Тиешелүү субъекттер тарабынан анын пайдаланылышынын максаттарына жараша курал:
1) жарандык;
2) кызматтык;
3) аскердик.
Ушул Мыйзам тарабынан каралбаган куралдын башка түрлөрү, ок атуучу мылтык, газ куралы жана атылбоочу курал Кыргыз Республикасынын аймагында куралды коллекциялоо максатында гана пайдаланылышы мүмкүн.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Жарандык курал
Жарандар тарабынан өзүн-өзү коргоо максатында пайдалануу үчүн, спортко катышуу жана аңчылыкка чыгуу үчүн арналган курал жарандык куралга кирет. Жарандык атылуучу курал удаалаш ок чыгарууну болтурбоого жана ок кутусунда (тегеренүүчү окчонтойунда) 10дон ашык патрон болбоого тийиш.
Жарандык курал:
1) өзүн-өзү коргоо куралы:
- сайсыз, анын ичинде жарадар кылуучу патрондор менен атылуучу курал;
- газ, жарык-үн жана жабырлантчу патрондор менен атылуучу найсыз курал;
- газ куралы: газ тапанчалары менен револьверлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдонууга уруксат берилген жаш агызуучу жана кычыштыруучу заттар менен жабдылган механикалык жол менен чачуучулар, аэрозолдук жана башка түзүлүштөр;
- мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген чектеги чендери бар электр менен эстен тандыруучу түзүлүштөр жана учкун чыгаргычтар;
2) спорттук курал:
- сайлуу мылтык;
- сайсыз мылтык;
- канжар уч;
- найдын оозунан чыгуу кубаты 3 Джоулдан ашкан пневматикалык;
3) аңчылык курал:
- сайлуу найы бар мылтык;
- атылуучу сайлуу, анын ичинде 140 миллиметрден ашпаган сайлуу мылтык;
- аралашма мылтык;
- найдын оозунан чыгуу кубаты 25 Джоулдан ашпаган;
- канжар уч.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112, 2010-жылдын 19-февралындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Кызмат куралы
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга өзүн-өзү коргоо максаттарында же мыйзам тарабынан аларга жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоо боюнча, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын корреспонденцияларды күзөтүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн көрсөтүлгөн куралды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана ишканалар менен уюмдардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн арналган курал кызмат куралына кирет.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга кызмат куралын пайдаланууга жана колдонууга байланыштуу милдеттер жүктөлгөн ишканалар менен уюмдар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар (мындан ары - өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар) болуп саналат.
Найдын оозунан чыгуу кубаты 300 Джоулдан ашпаган сайсыз жана сайлуу найы кыска мылтыктар, ошондой эле сайсыз, узун сайлуу (найынын узундугу 400 миллиметрден ашык) мылтыктар кызмат куралына кирет.
Кызмат куралы окту тынымсыз чыгарбашы керек, кызматтык сайлуу курал кол менен атылуучу куралдан патрондорунун түрү жана өлчөмдөрү боюнча, ал эми жарандыктан октогу жана жездеги нуктары боюнча айырмаланууга тийиш. Кызмат куралынын ок кутусунун (тегеренүүчү окчонтойунун) сыйымдуулугу 10 патрондон ашпоого тийиш. Сайсыз жана сайлуу найы кыска мылтыктын патрондорунун окторунун катуу металлдардан өзөгү болушу мүмкүн. Кызмат куралынын патрондору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112, 2009-жылдын 16-ноябрындагы N 298 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Аскер куралы
Колдо алып жүрүүчү ок атуучу аскер куралы менен ок атпоочу куралга Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын күжүрмөн милдеттерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин оперативдүү-кызматтык милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууга арналган куралдар, ошондой эле чет элдик армиялардын жана чет мамлекеттердин аскерлешкен уюмдары куралданышкан, ошондой эле куралдардын түрлөрү кирет.
Аскер куралдары менен куралдануунун, аскер куралын жана ага ок-дарыларды сатуунун тартиби, ошондой эле аскер куралын колдонууга укуктуу болгон ведомстволордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Сыйлык куралы
Төмөнкүлөр сыйлык куралы деп табылат:
- кортик;
- чолок кылыч же кылыч;
- найы кыска сайлуу тапанча;
- ата турган аңчылык курал;
- мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлык грамотасынын же башка документтеринин негизинде берилген курал.
Төмөнкүлөр сыйлык куралы менен бир жолудан ашык эмес сыйланат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта туруп, кызматтык-күжүрмөн иште өзгөчө айырмаланган офицердик курамдагы адамдар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө жана коопсуздугунун чыңдалышына өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери.
Ысымы жазылган курал менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери кортик, чолок кылыч же кылыч менен сыйлоону жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы N 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Куралды коллекциялоо
Илимий, тарыхый, көркөмдүк баалуулугу бар, ушул Мыйзамга ылайык жарандар, ишканалар, мекемелер же уюмдар тарабынан сактоого уруксат берилген жана коллекцияларды түзүү жана көрсөтмөгө коюу үчүн арналган курал коллекциялык курал деп таанылат. Коллекциялык курал милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө жана ок атуу үчүн жараксыз абалга келтирилүүгө тийиш.
Криминалисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүчү мамлекеттик эксперттик бөлүктөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын бөлүктөрүнө, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарына эксперттик-криминалисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө гана жарай турган куралдардын жана ок-дарылардын коллекциясына ээ болууга уруксат берилет.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Жарандык жана кызматтык куралды соодалоого белгиленген чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарандык жана кызматтык курал катары:
- ок кутусунун (тегеренүүчү окчонтоюнун) сыйымдуулугу 10 патрондон көбүрөөк, найынын же тулкусунун узундугу 500 миллиметрден кемирээк жана куралдын жалпы узундугу 800 миллиметрден ашыгыраак, ошондой эле заводдук конструкциясы анын узундугун ар кандай бөлүктөр менен куроо аркылуу же жыйналма кундактын жардамы менен 800 миллиметрге чейин өзгөртүлүшү каралган, атайын аңчылык мылтыктардан тышкары;
- башка буюмдарга окшоштурулган атылуучу куралды;
- сайлуу атылуучу куралдын патрондоруна эсептелип жасалган сайсыз атылуучу куралды;
- спорттук шаймандарды кошпогондо, шалк этмелерди, кастеттерди, сурикендерди, бумерангдарды уруучу-жанчуучу жана ыргытып уруу үчүн атайын ылайыкташтырылган башка буюмдарды;
- калканычтарды тешүүчү, күйгүзүүчү, кесүүчү же от куйруктуу октору бар патрондорду, ошондой эле газ пистолеттери жана револьверлери үчүн чачма салынган патрондорду;
- радиоактивдүү нурлануу жана биологиялык залалга алып келүүчү куралдарды жана башка буюмдарды;
- нерв-шал кылуучу, ууландыруучу жана башка заттар менен дүрмөттөлгөн, аларды колдонуу тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тыюу салынган газ куралын жана анын ок-дарыларын;
- бир метрден ашыгыраак аралыкта турган адамдын ден соолугуна орточо оордуктагы залал келтирүүгө жөндөмдүү газ куралын жана анын ок-дарыларын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык келбеген техникалык мүнөздөмөсү болгон куралды жана алардын ок-дарыларын;
- чендик көрсөткүчтөрү мамлекеттик стандарттар тарабынан белгиленген чоңдуктардан ашык өзүн-өзү коргоонун найсыз атылуучу куралын, электр менен эстен тандыруучу түзүлүштөрдү жана учкун чыгаруучуларды;
- канжар уч сайылма куралды жана бычактарды, кнопканы же рычагды басканда канжары сабынан өзү чыга калуу менен тиешелүү түзүлүш аркылуу бекип токтоп калуучу, же оордуктун болбосо тез кыймылдоонун эсебинен чыга калуучу узундугу 90 миллиметрден узунураак, өзү токтоп калуучу канжарларды жана бычактарды;
2) спорт объекттеринен сырткары жайларда айбанаттар дүйнөсүнүн объекттеринин кыймылын чектөөгө жана аларга дары куюуга байланышкан илимий изилдөө жана алдын алуу иштерин өткөрүү үчүн жааларды жана арбалеттерди сактоону жана пайдалануудан башка, сайлуу найы бар куралды же болбосо найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашык, калибри 4,5 миллиметр пневматикалык спорттук куралды, же калибри 4,5 миллиметрден чоңураак пнематикалык спорттук куралды, ошондой эле спорттук канжар уч жана ыргытма куралды сактоого жана пайдаланууга;
3) жарандык жана кызматтык куралга үнсүз атуу үчүн шаймандарды жана аларды пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү аңчылык үчүн кароолдорду пайдаланууну албаганда, түн ичинде көрүү үчүн кароолдорду (кароол комплекстерин) жайгаштырууга жана аларды сатууга;
4) куралды почта аркылуу жөнөтүүгө;
5) чогулуштарды өткөрүүдө жарандардын курал алып жүрүүсүнө, алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында курал алып жүрүүсүнө, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук продукцияны сатуучу коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүсүнө;
6) көрсөтүлгөн куралды ташуу же транспортто ташуу учурларын албаганда, өзүн-өзү коргоо максатында жарандын атылуучу куралды алып жүрүүсүнө;
7) (КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112 Мыйзамына ылайык алынып салынган);
8) Жарандык жана кызмат куралынын мамлекеттик кадастрына киргизилбеген комиссиялык куралды жана ок-дарыларды жана аны сактоого же сактоо жана алып жүрүү укугуна ээсинин тиешелүү уруксатын ички иштер органдарынын кат жүзүндөгү уруксатысыз адистештирилген дүкөндөрдөн сырткары сатууга;
9) билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо жана коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда жарандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112, 2010-жылдын 19-февралындагы N 32, 2013-жылдын 30-июлундагы N 171, 2015-жылдын 28-апрелиндеги N 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сертификациялоо
Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу, республиканын аймагына ташылып келинүүчү жана республикада ташылып кетилүүчү жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдардын баары милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды сертификациялоо боюнча иштерди уюштуруу Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же ал аккредиттеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ырастоо сертификаты Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо үчүн негиз болуп саналат.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сыноонун техникалык талаптары жана усулдары ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары тарабынан белгиленет.
10-статья. Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун мамлекеттик кадастры
Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун мамлекеттик кадастры (мындан ары - Кадастр) Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого уруксат берилген жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору жөнүндө тутумдашкан маалыматтарды камтуучу расмий жыйнак болуп саналат.
Кадастр жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун үлгүлөрүнүн тизмесинин негизинде бастырылып чыгарылат, алар жөнүндө маалыматтар Кадастрга киргизилет жана андан чыгарылып салынат. Кадастр квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кадастрга атылбас канжар уч жана ыргытма курал жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу же чет өлкөгө ташылып кетилүүчү жарандык куралдын бирин-экин нускалары жөнүндө маалыматтар киргизилбейт.
(Үчүнчү бөлүк КР 2010-жылдын 19-февралындагы N 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кадастрды жүргүзүүнүн жана бастырып чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2010-жылдын 19-февралындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Куралды, ок-дарыларды чыгаруу, оңдоо, соода жүргүзүүнү лицензиялоонун негизги талаптары
Кыргыз Республикасынын аймагында курал менен ок-дарыларды чыгаруу, оңдоо жана сатуу лицензияланууга тийиш.
Лицензия берүү тартиби менен шарттары "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Куралды сатып алууга укуктуу субъекттер
Кыргыз Республикасынын аймагында куралды сатып алууга:
1) мамлекеттик аскерлешкен уюмдар;
2) өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар;
3) куралды чыгаруу же аны соодалоо менен аракеттенген юридикалык жактар;
4) куралды коллекциялоо же көргөзмөгө коюу менен аракеттенген юридикалык жана жеке жактар;
5) спорттук уюмдар жана аңчылык багытындагы чарбалык уюмдар;
6) билим берүү мекемелери;
7) Кыргыз Республикасынын жарандары;
8) чет өлкөлүк жарандар укуктуу.
13-статья. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралды сатып алуу укугу
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук ченеминдеги актылары тарабынан белгиленген тартипте кол менен атылуучу же башка аскердик курал сатып алууга укуктуу. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралдануусундагы атылуучу сайлуу найы бар куралдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик ок-жез сактоочу жай түзүү үчүн контролдук атуу жүргүзүлөт.
14-статья. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын курал сатып алуу укугу
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар ички иштер органдарынан тиешелүү лицензия алгандан кийин курал чыгаруучу же аны соодалоочу юридикалык жактардан жарандык жана кызматтык курал сатып алууга укуктуу. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн жарандык жана кызмат куралынын түрлөрү, типтери, моделдери жана саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Сатылып алынган курал ал сатылып алынган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө тиешелүү ички иштер органдарында катталууга тийиш. Куралды каттоодо өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактарга куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтердин негизинде ал куралды үч жылдык мөөнөткө сактоого жана пайдаланууга уруксат берилет. Уруксат берүүнүн түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Уруксат берүүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын банктары, ошондой эле, менчик күзөтүү ишканаларынын жана уюмдарынын коопсуздук кызматтарын албаганда, өзгөчө уставдык милдеттери бар башка юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук ченеминдеги актыларынын негизинде мыйзам тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн куралды, ок-дарыларды, аскер техникасын чыгаруу жана сактоо объекттерин, өзгөчө кооптуу экологиялык өндүрүштөрдү, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, акча каражаттары менен баалуулуктарды жасоочу жана сактоочу, баалуу металлдар жана асыл таштар алынуучу, кайра иштетилүүчү жана сакталуучу жерлерди, чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, башка өтө маанилүү объектилерди, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу жүктөрдү, куралды, ок-дарыларды, аскердик техниканы, акчалай каражаттарды жана баалуулуктарды ташууда, дипломаттык почтаны, мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды камтыган корреспонденцияларды жана мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү камтыган жүктөрдү кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруу үчүн кол менен атылуучу аскердик куралдын айрым типтерин жана моделдерин ички иштер органдарынан убактылуу пайдаланууга алууга укуктуу.
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар тарабынан кол менен атылуучу аскердик куралдардын айрым типтерин жана моделдерин мыйзам тарабынан каралбаган башка максаттарда колдонулушуна тыюу салынат.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган, ошондой эле аңчылык жана балык ресурстарын коргоо милдеттери мыйзам тарабынан жүктөлгөн ишканаларга жана уюмдарга катары сайлуу найы бар аңчылык мылтыгын кызмат куралы катары сатып алууга жана пайдаланууга уруксат берилет. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерине курал берүү тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул юридикалык жактардын жетекчилеринин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Ал кызматкерлер атылуучу куралды колдонууга байланыштуу шарттарда аракеттенүүгө жарамдуулугу мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүүгө жана аларда кызматтык куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынын уруксаты болууга милдеттүү. Даярдоонун программасынын мазмуну жана текшерүүдөн өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан аныкталат.
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерин даярдоо жекече детективдерди даярдоо боюнча мамлекеттик эмес окуу борборлору, аткаруу бийлигинин органдары жана уюмдар, ал эми мындай даярдык үчүн шарттар жок болгондо ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Айлана-чөйрөнү коргоо максатында пайдаланылуучу белги берүүчү тапанчалар лицензиясыз сатылып алынат жана катталбайт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын курал сатып алуу укугу
Кыргыз Республикасынын 20 жашка толгон жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органдарында куралдын айкын түрүн сатып алууга уруксат алгандан кийин өзүн-өзү коргоо, спорттук куралды жана аңчылык куралын, белги берүүчү куралды жана республиканын элдеринин улуттук кийимдерине тагылуучу канжарларды сатып алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары аңчылык найсыз мылтыкты сактоого жана алып жүрүүгө уруксат ала турган курак ички иштер органдарынын тийиштүү жетекчиси тарабынан эки жылдан ашык эмес мөөнөткө төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Газ тапанчаларын жана револьверлерди, ок атылуучу найсыз куралды, белги берүүчү куралды жана элдердин улуттук кийимдерине тагылуучу канжарды Кыргыз Республикасынын жарандары уруксаттын негизинде кийин жашаган жери боюнча ички иштер органдарында эки жумалык мөөнөттө каттоодон өтүү менен сатып алууга укуктуу. Уруксатта жогоруда саналып өткөн куралдын типтеринин бештен ашпаган түрүн каттоого жол берилет. Уруксат Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан берилет жана ошол эле мезгилде куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат болуп саналат. Уруксаттын колдонуу мөөнөтү беш жыл. Ал ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан каралган тартипте узартылышы мүмкүн.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган механикалык бүрккүчтөр, аэрозолдук жана башка түзүлүштөр, электр менен эстен тандыруучу түзүлүштөр жана учкун чыгаргычтар, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашпаган жана сайы 4,5 миллиметрге чейинкилерди кошуп алгандагы пневматикалык курал катталбайт жана Кыргыз Республикасынын жарандары аларды уруксат алуусуз сатып алууга укуктуу.
Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн сайсыз мылтыктарды Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан берилүүчү уруксаттар боюнча алып жүрүү укугусуз өзүн-өзү коргоо максатында сатып алууга укуктуу.
Сайсыз спорттук жана аңчылык мылтыктарды жана пневматикалык аңчылык куралды мамлекеттик мергенчилик ырастамасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары сатып алууга укуктуу.
Сайлуу найы бар ок атуучу аңчылык куралды мамлекеттик мергенчилик ырастамасынын негизинде мергенчилик статусу белгиленген тартипте ыйгарылган, менчигинде беш жылдан бери ок атуучу аңчылык сайсыз куралы бар Кыргыз Республикасынын жарандары сатып алууга укуктуу. Мында ушул куралды сатып алуу укугун көрсөтүлгөн категориядагы адамдар аңчылыктын, курал чыгаруунун, куралды соодалоонун, сатуунун, бирөөлөргө берүүнүн, сатып алуунун, коллекциялоонун же көргөзмөгө коюунун, куралды эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорттоонун жана колдонуунун эрежелерин бузуу менен байланышкан укук бузуулар алар тарабынан жасалбаган шартта алышат.
Куралдын төмөнкү түрлөрү, коллекциялоонун объекттери болуп саналган учурларды эсепке албаганда, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сатылып алынган сайлуу найы бар аңчылык мылтыктын жалпы саны экиден ашпоого, сайсыз мылтык да экиден ашпоого тийиш.
Аңчылык канжарларды аңчылык мылтыкты сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынын уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары сатып алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сатылып алынган мылтык, ошондой эле аңчылык пневматикалык мылтык жана газ куралы аны сатып алган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жашаган жери боюнча ички иштер органдарында катталууга тийиш.
Өздүк коргонуу максатында сайсыз мылтыкты каттоодо Кыргыз Республикасынын жаранына ал жашаган жердеги ички иштер органы тарабынан мындай куралды сактоого уруксат берилет, ал эми аңчылык мылтык жана пневматикалык мылтыкты, ошондой эле спорттук же сайсыз аңчылык мылтыкты каттоодо аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат тиешелүү куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастаган документтин негизинде үч жылдык мөөнөткө берилет. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Курал сатып алууга уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жери боюнча ички иштер органына белгиленген түрдөгү арызын, курал алууга жолтоо болор көз илдети жоктугун, психикалык оорусу жок, алкоголизм же наркомания дартына чалдыкпагандыгы жөнүндө медициналык корутундуну жана Кыргыз Республикасынын жараны экендигин ырастоочу документи, ошондой эле ушул Мыйзамдын 11-статьясындагы талаптарга ылайык башка документтерди да берүүгө милдеттүү.
Курал сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар адамдарды албаганда, өздүк коргонуу үчүн сайсыз мылтыкты, өздүк коргонуу үчүн найсыз мылтыкты, газ тапанчаларын жана револьверлерин, белги берүүчү куралды алгачкы жолу сатып алып жаткан адамдар аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу программа боюнча куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин билүүсүн тактаган текшерүүдөн жашаган жеринде өтүүгө милдеттүү.
Спорттук мылтыкты жана аңчылык мылтыкты алгачкы жолу сатып алып жаткан адамдар аңчылыкка укукту ырастоочу документти алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан укук берилген уюмдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган программа боюнча куралды коопсуз пайдалануунун эрежелерин билүүсүн тастыктаган текшерүүдөн жашаган жеринде өтүүгө милдеттүү.
Куралды сатып алууга:
- ушул Мыйзам тарабынан белгиленген жашка толо элек;
- курал алууга каршы келген себептердин жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербеген;
- соттолгон;
- кылмышы үчүн жаза өтөп жүргөн;
- жыл ичинде коомдук тартипти же башкаруунун белгиленген тартибин бузуу менен байланышкан административдик укук бузууну кайталап жасаган;
- туруктуу жашаган жери жок;
- куралды коопсуз пайдалануу эрежелерин билүүсүн текшертүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документтерди жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка документтерди ички иштер органдарына бербеген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилбейт.
Ооруулу адам курал алып жүрүүгө каршы келүүчү оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын корутундусу боюнча ок атылуучу жана газ куралы катары пайдаланылбаган, найдын оозунан чыгуу кубаты 3 Джоулдан ашпаган куралга конструкциялык жактан окшош буюмдар, пневматикалык мылтыктар, тапанчалар жана револьверлер, сайы 6 миллиметрден ашпаган белги берүүчү тапанчалар жана револьверлер жана алардын патрондору уруксатсыз сатылып алынат жана катталбайт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52, 2010-жылдын 19-февралындагы N 32, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жарандык куралдын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынышы, Кыргыз Республикасына алынып келиши жана Кыргыз Республикасынан алынып кетиши
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык куралды өздөрү жарандары болуп саналган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн өтүнүчтөрүнүн негизинде ички иштер органдары тарабынан берилген уруксат боюнча сатып алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен өлкөдөн алар тарабынан чыгарып кеткен шартта, сатып ала алат.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук же башка түзүлүштөрдү, эстен тандыруучу электр түзүлүштөрдү жана учкун чыгаргычтарды, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашпаган жана сайы 4,5 миллиметрге чейинки пневматикалык куралды кошуп алганда, чет мамлекеттик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында уруксатсыз сатып алууга укуктуу.
Спорттук жана аңчылык мылтык Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандар тарабынан өлкөгө кирерде милдеттүү түрдө жарнактоо менен аңчылык кылууга лицензиясы бар юридикалык жактын чакырыгы менен аңчылыкка контракты же спорттук иш-чарага катышуу үчүн чакыруусу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын тиешелүү уруксаты болгондо гана алынып келиниши мүмкүн. Көрсөтүлгөн курал контракт же чакыруу тарабынан белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгарылып кетүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу, бул жөнүндө аңчылыкка контракттарда (келишимдерде) көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жеке коопсуздукту камсыз кылуу, башка жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын менчигин коргоо, жүктөрдү коштоо жана, эгерде ал Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тарабынан каралбаса, ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка максаттарда куралдын бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга тыюу салынат.
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан куралды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун тартибинин бузулушу куралды белгиленген тартипте алып коюуга жана конфискациялоого алып келет.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Башка субъекттердин курал сатып алуу укугу
Өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу үчүн куралды жана анын патрондорун изилдөөнүн, иштеп чыгуунун, сыноонун, жасоонун жана кооздоонун, ошондой эле буюмдарды окко туруштук берүүгө сыноодо иштеген юридикалык жактар өндүрүүгө лицензия жана ченемдик-техникалык документтер тарабынан каралган куралдын жана анын патрондорунун бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин сатып алууга укуктуу. Куралды соодалоодо иштеген юридикалык жактар жарандык жана кызматтык куралды, спорттук уюмдар жана билим берүү мекемелери, спорттук жана аңчылык мылтыктарын, ал эми аңчылык чарбасын жүргүзүүчү уюмдар аңчылык мылтыгын сатып алууга укуктуу.
Аңчылык кылууга адистешкен ишканалар аңчылыктын ок атуучу куралын, анын ичинде сай салынган найлуу мылтыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдар кызматтык куралды убактылуу пайдаланууга, ал эми зарыл учурда колдо алып жүрүүчү куралды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте алууга укуктуу.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттер куралдарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатып алышат. Сатылып алынган куралдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Жекече күзөт ишканалары, бирикмелер, ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте ички иштер органдары тарабынан берилүүчү лицензиялар боюнча курал (ок атуучу сайсыз найлуу, ок атуучу кыска найлуу) сатып алышат. Курал сатып алуу ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте катталууга тийиш.
(КР 2003-жылдын 18-февралындагы N 41 Мыйзамынын, 2003-жылдын 6-мартындагы N 52 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
18-статья. Курал жана анын патрондорун чыгаруу
Курал жана анын патрондорун чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте аларды чыгарууга лицензиясы бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Курал жана анын патрондорун чыгаруучу юридикалык жактар өндүрүштүн коопсуздугун, аны контролдоону, чыгарылуучу продукциянын тиешелүү сапатын жана анын сакталышын камсыз кылууга тийиш.
Курал чыгарууда, сатып өткөрүүдө жана оңдоодо, ошондой эле анын патрондорун чыгарууда жана сатып өткөрүүдө мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук жана башка түзүлүштөрдү албаганда, жасалган куралдын ар бир даанасынын жеке номери болууга тийиш.
Тажрыйбалык үлгүлөрдү албаганда, аскердик жарак мамлекеттик аскерлешкен уюмдарга жөнөтүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте башка мамлекеттерге жөнөтүү үчүн гана жасалат.
Аңчылык сайсыз найлуу мылтыктын куралынын патрондорун дүрмөттөө, ошондой эле өңчөй коргошундун эритиндисинен бытыра жана картеч жасоо жана колдо бар материалдардан тыгын жасоо, аңчылык сайсыз мылтыкты сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар куралдын ээси тарабынан жеке өзүнө пайдалануу үчүн даярдалышы мүмкүн.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Курал жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү
Аскердик жаракты жана атылбас куралды куралды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын уруксаты боюнча, ал эми конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү көрсөтүлгөн куралды, анын патрондорун жана конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды сертификациялоону жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
Мында куралды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү куралды чыгаруучу же аларды соодалоочу юридикалык жактар тарабынан, ал эми аны Кыргыз Республикасынан алып кетүү куралды чыгарууга лицензиясы бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Башка жактар тарабынан куралды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана аны Кыргыз Республикасынан алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Спорттук, аңчылык, өзүн-өзү коргоонун газ куралынын жана пневматикалык куралдын бирин-экин нускаларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынан алып кетүү ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен ички иштер органдарынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
20-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоо
Курал жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого аларды чыгаруу лицензиясынын негизинде жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясынын негизинде соода кылуучу юридикалык жактар укуктуу. 
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 653-б (Жарандык жана кызматтык курал менен соода кылган юридикалык жактардын санын жана тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу
Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоого укуктуу юридикалык жактар:
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга жана соодалоого тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтери, лицензиялары болууга;
- сатып жаткан жарандык жана кызматтык куралга жана анын патрондоруна сертификаты, көрсөтүлгөн куралды сактоого ички иштер органдарынын уруксаты болууга;
- аны сатып алууга уруксат талап кылынбаган куралды кошпогондо, куралдын ошол түрүн сатып алууга уруксатты көрсөтүүнү сатып алуучудан талап кылууга;
- сатылып алынган жана сатылган куралдын эсебин камсыз кылууга, ошондой эле эсептик документтерди 10 жыл бою сактоого;
- сатылган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору, алардын сатып алуучулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча маалыматтарды ай сайын ички иштер органдарына берип турууга;
- сатылган өзүн-өзү коргоонун газ тапанчаларын жана револьверлерди, атылуучу найсыз куралды, белги берүүчү куралды, Кыргыз Республикасынын элдеринин күрмөлөрү менен кошо кийүүгө арналган канжарларды сатып алуучунун уруксатында каттоого;
- куралдын сакталышын жана аны сактоодогу коопсуздугун камсыз кылууга;
- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле травматикалык таасир этүүчү патрондору бар сайсыз мылтыктардан атылган окторду жана жездерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга берүүгө.
Номери жана белгиси жок жарандык жана кызматтык курал, ошондой эле алардын ылайык келүү сертификаты жок патрондору сатылууга тийиш эмес.
Куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга туура келбеген юридикалык жактарга жарандык жана кызматтык куралды, ал эми алардын патрондорун көрсөтүлгөн куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты көрсөтпөгөн юридикалык жактарга сатууга тыюу салынат.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сатууга лицензиясы бар юридикалык жактарга, ошол эле соода залында куралды жана спорттук, аңчылык жана балык уулоочулук жабдууларды жана куралдын корлук бөлүктөрүн албаганда, товарлардын башка түрлөрүн чогуу сатууга тыюу салынат.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоочу юридикалык жактарга өз филиалдарын ачууга укук бербейт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52, 2012-жылдын 11-октябрындагы N 171, 2016-жылдын 18-апрелиндеги N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар тарабынан куралдардын сатылышы же өткөрүлүп берилиши
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар өздөрүнүн куралдануусундагы атылуучу жана атылбас куралды жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы бар юридикалык жактарга сатууга же өткөрүп берүүгө укуктуу.
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери атылуучу найы кыска куралды аскер кызматчыларынын айрым категорияларына жана пенсиядагы мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын кызматкерлерине сактоо жана алып жүрүү үчүн берүүгө, ошондой эле мыйзам тарабынан куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте тиешелүү уруксатты жол-жоболоштуруу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте убактылуу берүүгө укуктуу.
(КР 2010-жылдын 19-февралындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Курал менен сыйлоо, куралды сатуу, белекке берүү жана мураска калтыруу
Көрсөтүлгөн уюмдардын жетекчилеринин буйругунун негизинде аскер кызматчылары жана мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын кызматкерлери тарабынан алынган курал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин, чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жана чет өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлоо документтеринин негизинде алынган курал сыйлык куралы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жарандарына сыйлык куралын сактоого жана алып жүрүүгө уруксат Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан берилет.
Окту тындырбай атууга мүмкүнчүлүк берүүчү, ошондой эле ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого тыюу салынган курал сыйлык куралы болушу мүмкүн эмес.
Сайлуу курал менен сыйланган жарандар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ар бир беш жылда контролдук атып көрүү үчүн ички иштер органдарына куралды берүүгө милдеттүү.
Сыйлык куралын сактоо, алып жүрүү, берүү жана ташуу жарандык куралга карата белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Сайлуу найы кыска куралды жана анын патрондорун сатууга, белекке берүүгө, алмашууга жана мурастоого жол берилбейт. Ээси каза болгон учурда сайлуу найы кыска сыйлык куралы аны андан ары колдонуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан алынат. Сыйлык куралынын башка түрлөрүнө ушул Мыйзамдын жарандык куралдар үчүн каралган нормалары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүндө мыйзамдуу негиздерде жеке менчик укугундагы куралды сактоого жана алып жүрүүгө өздөрүнө уруксат берген ички иштер органдарына маалымдоо менен жарандык жана кызматтык куралды соодалоого же куралды лицензиясы бар юридикалык жактарга, же болбосо мамлекеттик аскерлешкен уюмдарга, ошондой эле көрсөтүлгөн куралды эсепке алган жердеги ички иштер органдарында каттагандан кийин куралды коллекциялоого же көргөзмөгө коюуга лицензиясы, сатып алууга уруксаты бар жарандарга сатууга укуктуу.
Ички иштер органдарында катталган жарандык куралды белекке берүү жана мураска калтыруу мураскордун же анын пайдасына белекке берүү жүзөгө ашырылган адамдын жарандык куралды сатып алууга лицензиясы (уруксаты) болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Жарандык куралдын менчик ээси мүлктү мурастоо жана жарандык куралды сатып алууга уруксат алуу жөнүндө маселе чечилгенче каза тапкан учурда, көрсөтүлгөн курал аны каттаган ички иштер органдары тарабынан кынтыксыз сактоо үчүн токтоосуз алынып коюлат. Каза тапкан адамдын туугандарынын өтүнүчү боюнча сыйлык куралы аны алдын ала атуу үчүн жараксыз абалга келтирүү менен аларга сактоого берилиши мүмкүн, бул жөнүндө каттоо документтерине тиешелүү белги коюлат.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52, 2009-жылдын 16-ноябрындагы N  298, 2011-жылдын 10-ноябрындагы N 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун башка субъекттер тарабынан сатылышы
Ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-пункттарында жана 17-статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн куралды сатып алууга укугу бар субъекттер өздөрүндө мыйзам чегинде сакталган жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун көрсөтүлгөн куралды эсепке алган ички иштер органдарына бул жөнүндө алдын ала маалымдоо менен жарандык жана кызматтык куралды соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактарга сата алат.
(КР 2003-жылдын 18-февралындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сактоо
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сактоого ички иштер органдарынан куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты алган юридикалык жактарга жана жарандарга уруксат берилет.
Чет өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз Республикасында сатылып алынган жарандык жана кызматтык куралды сактоого уруксат ички иштер органдары сатып алууга берген уруксаттын негизинде беш күнгө гана берилет.
Юридикалык жактарга жана жарандарга ушул Мыйзамда жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары, өздөрүнүн менчиги болбогон, таап алган же аларга берилген атылуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Мындай курал ички иштер органдарына токтоосуз өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарга, аңчылык жана балык ресурстарын коргоо милдети жүктөлгөн ишканалар жана уюмдарга аңчылыктын жана балык улоонун эрежелерин бузгандардан алынып коюлган жана тиешелүү документтерди көрсөткөндөн жана аңчылык ресурстарына келтирилген зыян үчүн айыпты жана доону төлөгөндөн кийин аларды мыйзамдуу ээсине кайтарып берүүгө тийиш болгон атылуучу куралды убактылуу сактоого уруксат берилет.
Жарандык жана кызматтык курал анын сакталышын, сакталышынын коопсуздугун камсыз кылуучу жана ага бөтөн адамдар кирбей турган шарттарда сакталууга тийиш.
Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун ар кандай түрлөрүн сактоонун шарттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2010-жылдын 19-февралындагы N 32, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-статья. Лицензия, уруксат, сертификаттарды берүүдөгү жана алардын колдонуу мөөнөттөрүн узартууда төлөмдөрдү алуунун тартиби
Жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга, аны соодалоого, сатып алууга, лицензия бергендик; куралды жана анын патрондорун сатып алууга, сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө, транспорт менен ташууга, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө уруксат бергендик; куралдын моделдерине жана анын патрондорунун типтерине сертификаттарды бергендик; ошондой эле лицензиялардын, уруксат берүүлөрдүн жана сертификаттардын колдонуу мөөнөтүн узарткандык үчүн юридикалык жактардан жана жарандардан төлөм алынат. Көрсөтүлгөн жыйымдардын өлчөмү көрсөтүлгөн документтерди берүүгө байланыштуу уюштуруучулук жана башка чыгымдарга негизденүү менен Кыргыз Республикасынын финансы жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жана куралды чыгарууга лицензия жана сертификаттарды берүүгө ыйгарым укук берилген органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана бекитилет.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы N 112 Мыйзамынын, 2003-жылдын 6-мартындагы N 52 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын куралды колдонушу
Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүндөгү мыйзамдуу куралды аргасыз коргонгон шарттарда же өтө зарыл болгондо өмүрүн, ден соолугун жана менчигин коргоо үчүн колдоно алат. Куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзгөн же башка оор кесепеттерге алып келүүчү учурларды эсепке албаганда, куралды колдонуу алдында ага каршы курал колдонула турган адамга бул жөнүндө даана билдирилген эскертүү болууга тийиш. Мындай абалда куралды аргасыз колдонуу үчүнчү жактарга зыян алып келбөөгө тийиш.
Атылуучу куралды кош бойлуу аялдарга, майыптыктын даана белгилери бар адамдарга, курагы даана көрүнгөн же белгилүү болгон кезде жашы жетпегендерге, бул адамдар тарабынан куралдуу же болбосо топтошуп кол салынган учурларды эске албаганда, каршы колдонууга тыюу салынат. Куралды колдонуунун адамдын ден соолугуна зыян келтирилген ар бир учуру жөнүндө курал ээси бир суткадан кечиктирбестен курал колдонулган жердеги ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын аңчылары аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарын сактоо, алын жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын анык уруксаттары жана мергенчиликти пайдалануучу менен келишим болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык куралдарды пайдалануунун башка эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. Куралды эсепке алуу, алып жүрүү, ташуу, транспорт менен ташуу, жок кылуу, коллекциялоо жана көргөзмөгө коюу
Куралды эсепке алуунун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорт менен ташуунун жана жок кылуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында куралды коллекциялоону жана көргөзмөгө коюуну ишке ашырууга иш-аракеттердин көрсөтүлгөн түрлөрүн алып баруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген талаптарга туура келген юридикалык жактар жана жарандар укуктуу.
Куралды, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды коллекциялоонун жана көргөзмөгө коюунун эрежелери, аларды чыгаруунун, соодалоонун, сатуунун, бирөөгө берүүнүн, сатып алуунун, экспонатка коюунун, сактоонун жана транспорт менен ташуунун тартиби, ошондой эле куралдын түрдүк эсеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52, 2010-жылдын 19-февралындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-статья. Лицензияларды жана уруксат берүүлөрдү жокко чыгаруу
Жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга, аны соодалоого, лицензиялар, ошондой эле куралды сатып алууга, сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берүүлөр ал лицензияларды же уруксаттарды берген органдар тарабынан:
1) көрсөтүлгөн лицензиялардан же уруксат берүүлөрдөн ыктыярдуу баш тарткан, же болбосо юридикалык жак жоюлган, же болбосо куралдын менчик ээси каза тапкан;
2) юридикалык жактар же жарандар ушул Мыйзам жана куралды соодалоону жөнгө салуучу башка укук ченеминдеги актылар тарабынан каралган талаптарды такай (жыл ичинде эки жолудан кем эмес) бузган же болбосо аткарбаган;
3) ушул Мыйзам тарабынан каралган лицензияларды же уруксат берүүлөрдү алуунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар пайда болгон;
4) жарандык же кызмат куралынын жана анын патрондорунун ээси тарабынан көрсөтүлгөн куралдын жана анын патрондорунун баллистикалык жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү конструкциялык оңдоолор киргизилген;
5) республиканын жарандары аңчылардын жана балык улоочулардын коомдорунун мүчөлүгүнөн чыгып калган учурларда жокко чыгарылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пункту тарабынан каралган негиздер боюнча лицензияларды же уруксат берүүлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуунун алдында ал лицензияны же уруксатты берген орган лицензиянын же уруксаттын ээсин алдын ала кат жүзүндө эскертүүгө тийиш. Эскертүүдө кайсыл укуктук ченемдер жана эрежелер бузулгандыгы же аткарылбагандыгы көрсөтүлөт жана жол берилген эреже бузууларды четтетүү үчүн мөөнөт дайындалат.
Лицензияны же уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим алардын ээси тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Лицензиялар же уруксаттар жокко чыгарылган учурда аларды алуу үчүн кайталап кайрылуу юридикалык жактар үчүн алар жокко чыгарылган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин, ал эми жарандар үчүн алар жокко чыгарылган күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин болушу мүмкүн.
Лицензиялардан же уруксаттардан ыктыярдуу баш тартылган учурда аларды алуу үчүн кайталап кайрылуунун мөөнөтү белгиленбейт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Куралды жана анын патрондорун алып коюу
Куралды жана анын патрондорун алып коюу:
1) ички иштер органдары тарабынан:
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга, аларды соодалоого, сатууга, ошондой эле куралды сатып алууга, сактоого же сактап жана алып жүрүүгө, коллекциялоого же көргөзмөгө коюуга уруксаттар лицензиялар жок болгондо;
- белгиленген тартипте көрсөтүлгөн лицензиялар жана уруксаттар жокко чыгарылганда;
- юридикалык жактар же жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка укук ченемдүү актыларында белгиленген куралды бирөөгө берүүнүн, сатып алуунун, коллекциялоонун, көргөзмөгө коюунун, каттоонун, эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорт менен ташуунун жана колдонуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте биротоло чечим кабыл алынганга чейин бузулганда;
- баллистикалык жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен ээси колго жасаган же оңдоп жасаган жарандык же кызматтык курал жана анын патрондору укук коргоо органдары тарабынан табылганда;
- жарандык куралдын менчик ээси мүлктү мурастоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин каза тапкан, ошондой эле мыйзамдуу негиздерде аскердик же кызматтык куралы бар жаран каза тапканда;
- юридикалык жак жоюлган учурларда;
2) өздөрүнүн кызмат укуктарынын чектеринде куралды кийин ички иштер органдарына өткөрүп берүү менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле аңчылыктын жана балык уулоочулуктун эрежелерин сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан жарандар айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурларда;
3) бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси тарабынан каралган учурларда;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
Куралды жана анын патрондорун алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Техникалык жактан пайдаланууга жарактуу алынып коюлган, ошондой эле конфискацияланган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык жана кызматтык куралды соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактар аркылуу сатылат.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-статья. Куралды сатууну контролдоо
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралды сатууну контролдоону ички иштер органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга лицензия берүүгө ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөл жасоочу органдары жүзөгө ашырышат.
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралдануусунда болгон куралды сатууну контролдоо Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандык жана кызматтык куралды сатууну контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген органдардын кызмат адамдары:
- аны чыгарган, соодалаган, сактаган жана жок кылган жерлерде куралды кароону жүргүзүүгө;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин сатылып алынган жана ээлеринде мыйзамдуу негиздерде болгон куралды албаганда, Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынган куралды белгиленген тартипте акысыз алып коюуга жана жок кылууга;
- документтерди же алардын көчүрмөлөрүн, контролдук милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кат жүзүндөгү же оозеки маалыматты берүүнү юридикалык жактардан жана жарандардан талап кылууга;
- белгиленген эрежелерди бузуулар табылганда ал эреже бузууларды четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана кызмат адамдарынын аткарышы үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү талаптарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка чараларды көрүүгө укуктуу.
31-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
32-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 23-июнунда N 50 жарыяланды
Өзүнүн укук ченеминдеги актыларын ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ага ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти         А.Акаев
           
1999-жылдын 14-майында         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган