2023-жылдын 27-февралындагы «2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

28-02-2023 13:07

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 27-февралындагы

«2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген «2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. №6-1510/23, 2023-жылдын 1-февралы) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен балдарга алименттерди өндүрүүнүн эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жана мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган.

2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:

-ылайык келет.

Аталган Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын жарандарына Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын карызкор жарандарынан  алиментти өндүрүү боюнча маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Америка Кошмо Штаттарынын ыйгарым укуктуу органдары
2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенциясын көрсөтүп жана Кыргыз Республикасы аталган конвенциянын катышуучусу эмес экенинин билдирип, алимент боюнча сот актысын аткарууга жардам көрсөтүүдөн баш тарткан. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 30-декабрындагы № 246 Мыйзамы менен кошулган 1956-жылдын 20-июнундагы чет өлкөдөн алименттерди өндүрүп алуу тууралуу Конвенциясын колдонуу мүмкүн эмес. Натыйжада, жашы жете элек балдардын кызыкчылыгы үчүн Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашаган карызкорлордон алиментти өндүрүү маселеси ачык бойдон калууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы чет өлкөлөрдө алимент өндүрүү боюнча универсалдуу конвенцияларга катышпайт жана Германия, Франция, АКШ, Израиль сыяктуу өнүккөн чет мамлекеттердин көбү менен жарандык жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки тараптуу келишимдерге ээ эмес.

Ушуга байланыштуу, сот актыларынын милдеттүүлүгүн эске алуу менен жана жашы жете элек балдардын укуктарын эске алуу менен 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Конвенцияга кошулуунун зарылчылыгы келип чыкты.

Кыргыз Республикасы 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенциянын 62 жана 44 (3) беренелерине ылайык борбордук органдардын ортосундагы башка байланыштарды ишке ашырууда француз тилин колдонуудан баш тартат. Мындай башка билдирүүлөр орус же англис тилинде жүргүзүлөт.

 3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;

-«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-сунушталган долбоор жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (кир. №6-2095/23, 2023-жылдын 10-февралы) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (кириш № 6-2152/23, 2023-жылдын 13-февралы) тиркелет.

6. Эгерде андайлар болгон учурда, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Алар өткөрүлгөн учурда  коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамында белгиленген тартипте Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында жайгаштырылган (2020-жылдын 15-июну), коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча Мыйзам долбооруна сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.   

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.

-жок.

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-жок.

Баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) «2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын;

2) корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жиберилсин.

Комитеттин төрайымы                                                                                                                                                  В. К. Раимбачаева