2023-жылдын 20-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

21-02-2023 11:40

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 20-февралындагы

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2023-жылдын 25-январындагы кир.№6-1063/23 каты) «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоордун концепциясы мамлекеттик контролдоочу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координациялоону уюштуруунун бириктирүүчү элементи катары чек ара өткөрүү пункттарында иштеген мамлекеттик контролдоо органдарынын ыйгарым укуктары берилген бажы органын кароону карайт. Өз кезегинде бизнес-процесстерди оптималдаштырууга жана координациялоого багытталган чаралардын комплекси сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча инновациялык долбоорлорду колдонуу, жарандарга жана бизнес-коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүү, туруктуу ведомство аралык санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:

-ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Өсүмдүктөрдүн карантин жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-талап кылынбайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн 2023-жылдын 8-июлундагы кир. № 6-1940/23 корутундусу;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн 2023-жылдын 7-февралындагы кир. № 6-1840/23 корутундусу.

6. Эгерде андайлар болгон учурда, көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:

-жок.

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.

-жок.

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1) «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын;

2) ушул Комитеттин корутундусунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                             В.К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.