Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 20-февралындагы
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген (чыг. № 18-11968, 2022-жылдын 23-сентябры), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-январында экинчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 25-январындагы № 876-VII токтому) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн алкагында даярдалгандыгын белгилейт.
Комитет “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун колдонулушу 2023-жылдын 1-январына чейин каралгандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу Комитет Мыйзам долбоорунун 7-пунктунда каралган өзгөртүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейт жана бул пунктту мыйзам долбоорунан алып салууну сунуштайт.
Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте техникалык жана редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).
2. Бул маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.