Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 13-февралындагы
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 28-июндагы кир. № 6-13983/22) «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кайра иштелип чыккан долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январында № 856-VII токтому менен экинчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору негизги багыты болуп Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктын айрым категорияларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоодо кат жүзүндө сунуштар келип түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-жана 56-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1.«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана үчүнчү окууда кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунуш кылынсын (тиркелет).
2.«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Раимбачаева В. К. баяндамачы болуп белгиленсин.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.