Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйналышынын
КҮН ТАРТИБИ
2016-жыл 28-ноябрь 14. 00 саат
Күн-батыш залы
1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун аткарылышы тууралуу
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч. А. Султанбекова
Чакырылгандар: Эрматов Эгемберди Эрматович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, Кудайбердиева Гульмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Казаков Тугелбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Эркебаев Абдыганы Эркебаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыгы жөнүндө.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобу.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун төрагасы Р.Ч. Момбеков.
3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө, “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. Д. Бекешев, Т. И. Икрамов, Н. В. Никитенко, А. Н. Шыкмаматов, А. С. Омурбекова, Е. Г. Строкова жана К. К. Иманалиев
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д. Д. Бекешев
Чакырылгандар: Абдылдабек уулу Манас - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы
4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 2-сентябрындагы № 478 токтому)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары А. Ж. Асанбаев
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 382-токтому жөнүндө
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү К. А. Искандаров
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин “1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” 2013-жылдын 24-октябрындагы № 3523-V токтому жөнүндө
Демилгечи: Кыргыз Републикасынын Жогорку Кенешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети
Баяндамачы: Кыргыз Републикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Г. С. Молдобекова
7. Бөлөк маселелер
Комитеттин төрайымы Г. С. Молдобекова
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйналышына
ЧАКЫРЫЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ
2016-жыл 28-ноябрь 14.00 саат
Күн батыш залы
№ п/п |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
Кызмат орду |
1 |
Бекешев Дастан Далабайевич
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
|
2 |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
|
3 |
Омурбекова Алтынай Сейтбековна |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
|
4 |
Иманалиев Каныбек Капашович |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
|
5 |
Султанбекова Чолпон Аалыевна
|
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
6 |
Джолдубаева Индира Ырысбаевна |
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
|
7 |
Эрматов Эгемберди Эрматович |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы
|
8 |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
|
9 |
Касымалиев Адылбек Алешович |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
|
10 |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
|
11 |
Казаков Тугелбай Токтогулович
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри |
12 |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти
|
13 |
Абдылдабек уулу Манас
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы
|
14 |
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары
|
15 |
Искандаров Курбанбай Алибаевич |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү
|
16 |
Курманов Рустам Абдыкайыпович |
Дары-дармектер менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин директору |
Комитеттин төрайымы Г. С. Молдобекова