Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 12-декабрындагы
“Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган “Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. № 6-12047/22, 2022-жылдын 10-июну) жана “Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 580-VII токтомун карап чыгып, Мыйзамдын долбоору инвентаризация өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын айрым ченемдерин конкреттештирүү максатында техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренеге ылайык жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1) Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын (тиркелет) жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын;
2) Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын;
3) Бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.