2022-жылдын 12 -декабрындагы «2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

13-12-2022 15:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 12 -декабрындагы

 «2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А. Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык (2022-жылдын 18 ноябрында кир. № 6-23120/22) “2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификациялоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, тѳмѳнкүнү белгилейт.

Мыйзам долбоорунун концепциясы: Протоколдун концепциясы 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында медициналык багыттагы буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуунун 11-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Протокол 2022-жылдын 31-декабрына чейин медициналык буюмдарды улуттук эрежелерге ылайык каттоо мүмкүнчүлүгүн карайт. 2023-жылдын 1-январынан тарта медициналык буюмдарды каттоо улуттук эрежелерине ылайык гана жүргүзүлөт. Протоколду мүчө мамлекеттердин 2022-жылдын 1-январынан тартып убактылуу колдонуусу, ал эми мыйзамдарында эл аралык келишимдерди убактылуу колдонуу мүмкүнчүлүгү каралбаган мүчө мамлекет үчүн бул Протокол мындай мүчө мамлекет тарабынан 2022-жылдын 1-январынан тартып убактылуу колдонууга киргизилет. ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор жана 2022-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкеш келиши:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар:

-жок.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн (2022-жылдын 30-ноябрындагы кир. № 6-23851/22) корутундусу тиркелет.

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн (2022-жылдын 23-ноябрындагы кир. № 6-23358/22) корутундусу тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок

7. Жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар, алар жүргүзүлгөн учурда:

-коомдук талкуу өткөрүлгөн жок.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

-жок.        

10. Комитеттин сунушу:

Комитеттин Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Комитеттин ушул корутундусунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                              В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.