Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 14-ноябрындагы
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунуштаган «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 26-октябрындагы кир. № 6-21532/22) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыз кылуу үчүн арналган акча каражаттарынын топтоштурулган фонду болуп эсептелет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 77-беренесинде каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында мыйзам долбоору менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча параметрлери жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу параметрлери бекитилет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 27 237 097,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 27 237 097,1 миң сом суммасында, 2024-жылга болжолу 27 909 436,4 миң сом жана 2025-жылга болжолу 28 361 058,1 миң сом суммасында түзүлдү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет.
2023-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиялардын келип түшүүсү 21 932 004,5 миң сом көлөмүндө болжолдонууда.
2023-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын келип түшүүсү 3 696 520,0 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга карата чыгашалары келип түшүүсү болжолдонгон ресурстардын чегинде 27 237 097,1 миң сом, 295 129,8 миң сом көлөмүндө камсыздандыруу запасын эске алуу менен болжолдонууда.
«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фондунун бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын мурунку редакцияларынан айырмаланып, ушул Мыйзам долбоору менен сот органдарынын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш деген берене (11-берене) киргизилет.
ММК фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген.
-катталган калк үчүн 150 сом өлчөмүндө (1 календардык жыл үчүн ҮМБга катталган бир адам үчүн) ;
-ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн дарыланып чыккан учурларга;
-бекитилген бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибине ылайык гемодиализ кызматына;
-коронавирус инфекциясы менен ооругандар менен байланышта болгондор үчүн коронавирус инфекциясы боюнча кызмат көрсөтүүлөргө (COVID-19);
-амбулаториялык деңгээлде кургак учукту дарылоо үчүн;
-медициналык тез жардам станциялары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык тез жардам кызматы үчүн;
- республикадагы дарыкана пункттарында калктын аярлуу катмары тарабынан дары-дармек каражаттарын сатып алууну каржылоого.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөндөгүдөй корутундуга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева