Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карады

31-10-2022 17:21

Бүгүн,  31-октябрда Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзамдын долбоору инвентаризация өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын айрым ченемдерин конкреттештирүү максатында техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

Жыйынтыгында Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи окууда  жактырып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберди.