Депутат Галина Скрипкина: «Кыргызстан бара-бара соттолгон адамдарга карата мунапыс жарыялоо өнөкөтүнөн баш тартышы керек»


Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети сот рефорасын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун экинчи окууда жактырды.

Демилгечи Галина Скрипкина сунуш кылынган мыйзам долбоорунда мунапыс жарылоонун шарттары менен колдонуу тартиби, кандай кылмыштарга карата мунапыс жарыяланбай турганы тууралуу жолжоболор каттылганын билдирди. «Кыргызстан бара-бара соттолгон адамдарга карата мунапыс жарыялоо өнөкөтүнөн баш тартышы керек. Өнүккөн өлкөлөр мунапыстан эбак эле баш тарткан. Кылмыш жасаган адамдар кылмышына жараша жазасын тартууга тийиш», - дейт ал.

Депутат Курманкул Зулушев «Анда эмне үчүн бул мыйзам долбоору демилгеленди, биз андан баш тарта алабызбы?» деген собол салды. Демилгечинин пикиринде, Баш мыйзамга ылайык, баары бир парламентте мунапыс актысын кабыл алуу укугу кала берет. «Ошондон улам, биз мунапыс жарыялоо шарттары менен колдонуу тартибин ыраатташтыруу аракети жасалууда. Өлкөдө коррупция тамырлашып кеткендиктен, жыл сайын мунапыс жарыялап, соттолгондордун санын кыскартууга аргасызбыз», - деди ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы